𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
160   6   1651
23.12.2019 Сармерден
"Сахна ажары-2019" наамы ыйгарылды! Кечээ @sarmerden_restaurant ресторанында Оомат-Нуру уюштурган Facebook Party де сыйлоо аземи болуп отту. Ырчы-чоорчудан тартып дизайнер, саясатчы, журналист жана башкалардын арасынан татыктуулар -озуп чыккандар келишиптир. Ырчылардын устолундо бака-шака тушуп эле олтурганбыз, бизге дагы коп бар деп. Кутуусуз жерден "Умутай Абдышова" десе шашып-бушуп этек-жениме чалынып чачымды да ондоого жетишпей сахнага чыгып бардым. Анысы ал болду.😄 Антракт жарыяланып, ошону эле кутуп отурган жаныбыз, ичкен согубузду чыгаралы деп тигил жакка жонодук. Барып эле балык койногумдун замочкасын байкабай жулуп алдым да, шалдайып туруп калдым. Болору болду. Кооз койногум менен ырдабай да калдым, бийлеген да жокмун. Капризный костюм ушундай болот экен🤨 Ошо, жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем! @venerapirmatova Алып баруучулар мыктысынар! @sagyn_ergeshov_ @gulnaz_chynybek_kyzy Бардык сыйлык ээлерин куттуктайм! Как обычно макияж и причёску делала моя подруга @nargiza.begalieva_official #facebookparty #facebook #party #partytime #facebookpage #umutaiabdyshova #награждение #дипломы #диплом #сахна #ажары #2019 #спасибо #за #награда
Загрузка...
157  
06.10.2019 President City Hall
Кайда барсан эле " шандуу ырын барбы?" дешсе эле, оюмда концерт болобу, той болобу шандуу ырдаш керек деген нерсе калып калыптыр. Тилекке каршы, бийге ылайыктуу ырларым саналуу эле. Улам кийинкисин карап тургула восточный стилде жаздырам дейм, утур эле, жай, созулунку ырды тандап алам. Эми бул да ырдалбай калат тура деп кейип калчумун. Бул оюмдан кайттым. Буга элибиздин суйуктуу ырчы айымы @altynai_narbaeva_ эжем туртку болду. Кайсыл ырды ырдабасын жаза басып, жаттамайын отуп кете албайм. Ар бир ыры маанилуу, ар бир ырды ийнине жеткире ырдайт! Кайда барса, "кимибизденден" тартып, жай темптеги ырларды ырдайт. Эмне, эл укпай коюп жатабы?! Тескерисинче, муюп угат туурабы? Элди салмактуу ырларды уга билгенге кондурушубуз керек, женил-желпи ырга желпилдетпей. Баарыбыздын оюбуз бир, танцевальный музыка болсо, той болгондон кийин бийлесек деп. Мен деле кыялданчумун, комуз эле чертип ырдай беремби, качан микрофон кармап, кыска койнок кийип алып, далдактап бийлеп ырдайм деп... #созкоп #умутайабдышова #танцевальнаямузыка #музыкадлядуши #ресторан
152   3
27.03.2020
Суйуктуу таежем Гулзат, бугунку туулган кунунуз менен куттуктайм! Мен тээтигинтип мышмыйып уктап жаткан кезде 👶 сиз суроттогудой секелек кыз экенсиз.👧 11 бир туугандын кенжеси болгонунузду коро албай мен туулуп алыптырмын!😀 Ошого жининиз келчу болуш керек, оло урушчусуз! Же тошокко сийип салганым учунбу чонойгучакты, же, эртеден кечке кошуна балдар менен баткактан камыр жууруп ойноп, колумдун кычысы учунбу, же уйдогу таттуу, каймактарды мен жегеним учун жаман козунуз менен карачу белениз?🤨 Айтып коюнуз! А мен болсо таенемдин этегине жашынып кутулуп кетчумун.😆Кийинчерээк чонойгондо да жон койбой, шаардан модный кийимдерин алып келип, эжелууго эски эле тон деп таштап кетчусуз.😋 Аларды мактанып жыртылганча кийдим окшойт, окуучу кезден студент болуп окууну буткончокту. Анчалык жыртылбас, сапаттуу кийимдерди бербей эле койсонор болмок экен. Суроттун баары ошо кара блуска, кара койнок....☺ Мына минтип убакыт отуп мен 30 га таяп, сиз 3 уулдун мээримдуу энеси, бир (бир эле) ☝️ жездемдин эрке жубайы болуп отурасыз.😘 Оорубай, азыр да саркеч кийимдерди кийип, жездемди суктандырып, балдарынызга жолок болуп журо бериниз! Эртерээк чон тамынар бутуп, баарыбыз чубап конокко баргандай бололу!