𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
404   6
07.05.2020 Biskek , Kyrgystan
Түш- өңүндө көрө албаган уйкудагы көз ирмем. Далай убакытты ичине камтыган түштү көз ирмемде көрөт экенбиз. Мен, күндө түш көрөм. Бирде жакшы, бирде жаман. Кээде кубанып ойгонсом, кээде чарчап ойгоном. Түштүн бир артыкчылыгы, оо дүйнө кеткен жакындарыңды жанынан көрүп, кадимкидей сүйлөшкөнгө өбөлгө түзөт. Бала кезимде уйкудан туруп-турбай апама көргөн түшүмдү айтып берчүмүн. Бул адатым эле. Кандай түш көрсөм да, жообу "Жакшы болот" эле. Ошол сөздү угуу ырахат тартуулачу. Аны, "түштүн моюну кылдай ичке, кайда буруп, кандай жорусаң, ошондой болот" деп түшүндүрчү. Эми ыраматылык апам жок, бирок аны менен ар дайым түшүмдө кездешем, баарлашам. Бүгүнкү күндө бир нече түш көрсөм да, унутуп калчу болдум. Кээде өзөгүн эле эстеп калам. Түш жоруганды билгендер, алдына жазып калтыра кетиңиздер. Кандай түш көрсө, кандай болот?👇👇👇 #сон #просон #сонниконлайн #сонник #үмүтайабдышова #умутайабдышова #түшкөрүү
401  
22.11.2019
Умут- нукура кыргызча соз. Мааниси- алдыга койгон максатарынын ишке ашарына, келечекте бардыгы ойдогудай болоруна ишенуу. Бирок адам баласынын турмуш жолунда ойлогон ойлорунун бардыгы эле ишке ашпастан, кээ бир учурларда ар кандай кыйынчылыктар, кол жеткис бийиктиктер, тоскоолдуктар болуп, кыйналган учурлар болот. Ошондо да адам келечегинен умут узбой жакшы тилектер, жаркын умуттор менен жашайт. Ага умут оттору маяк болуп корунуп, ошого жетууго умтулат. Эгерде умут болбосо, эч бир адам максатына жете албайт! Ошо досторум, менсиз максатка жетем деп ойлобогула! #P.S.: Суротторду коруп бир жылмайып же каткырып койгула. Бала кезимде томпойгон томпошка болчумун. Ар кайсы суротто ар кандай. Биринде суйкумдуу бултушка болсом, биринде кадимки эле эркек балага окшогон кызмын. Ошондо эле уйкучу экемин да. Мышмыйып мамамдын колунда уктап жаткан сурот бу дуйнодогу алгачкы суротум болуш керек. Ал эми жанымдагылар суйуктуу таежелерим. Келгиле эми, баарыбыз мен сыяктуу ысымдарыбыздын маани-мазмунун жазалы. Чанда кездешкен ысымдары бар досторунарды белгилегиле. Алардын аттарынын маанисин да билип алалы. Оригиналдуу мага жаккан аты бар айымга белегим бар. #умутайабдышова #имя
397   13
20.03.2020 Issyk-Kul', Ysyk-K\u00f6l, Kyrgyzstan
Коронавирус бири-биринен алыс жургондорду жакындатты. Телефон чалган сайын "Качан келесинер?"- деген ушул жигиттин мудоосу аткарылды. Кечээ манты туйдук, бугун тан атпай туруп алып уйлорду уборка кылдык, камыр жууруп, нан бышырдык, кочого чыгып велосипед тээп келдик. Алю айткандай, "Ласпед"😀 Машинкага кирлерди жуудурдук, жанын койбой. Анан эки таекеси жон отурбай, эшик-эликти тазалашты. Чоноюшуптур. Айттырбай эле колдон алып жасап ийишет. Бойлору теректей болуптур асман тиреп. Баягы жалаякка оролуп, бироо бешикте жаткан кездерин элестетип эзилип кеттим. Убакыт откон тура. Бугун болсо бир туугандар чогулуп алып лагман чоёлу деп жатабыз. Ким кандай рецепте жасайт, айымдар болушкуло эми тажрыйбанардан. Коптон бери оокат кылбай, суусап калыптырмын. Ал эми Алинур инстаграмын оз колуна алды. Кулкулуу стористерин коруп тургула, катталып. Кээде калп айтса, кээде ачуу чындыктарды тартып киргизип коюшу мумкун. Катталып, кобойсонор туз эфирге чыгат. Ырдап берет. Суроолорго таамай-таасын жооп берери анык. @alinurspage @alinurspage
Загрузка...