𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
404   6
07.05.2020 Biskek , Kyrgystan
Түш- өңүндө көрө албаган уйкудагы көз ирмем. Далай убакытты ичине камтыган түштү көз ирмемде көрөт экенбиз. Мен, күндө түш көрөм. Бирде жакшы, бирде жаман. Кээде кубанып ойгонсом, кээде чарчап ойгоном. Түштүн бир артыкчылыгы, оо дүйнө кеткен жакындарыңды жанынан көрүп, кадимкидей сүйлөшкөнгө өбөлгө түзөт. Бала кезимде уйкудан туруп-турбай апама көргөн түшүмдү айтып берчүмүн. Бул адатым эле. Кандай түш көрсөм да, жообу "Жакшы болот" эле. Ошол сөздү угуу ырахат тартуулачу. Аны, "түштүн моюну кылдай ичке, кайда буруп, кандай жорусаң, ошондой болот" деп түшүндүрчү. Эми ыраматылык апам жок, бирок аны менен ар дайым түшүмдө кездешем, баарлашам. Бүгүнкү күндө бир нече түш көрсөм да, унутуп калчу болдум. Кээде өзөгүн эле эстеп калам. Түш жоруганды билгендер, алдына жазып калтыра кетиңиздер. Кандай түш көрсө, кандай болот?👇👇👇 #сон #просон #сонниконлайн #сонник #үмүтайабдышова #умутайабдышова #түшкөрүү
1425   189
04.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бул пост ПОДПИСЧИКТЕРИМЕ арналат! 💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝💝 Мен учун ушул баракчадагы ар бир катталуучумдун орду бар! ☝️🌺 ___________________________________ Сиздердин ар бир жазган комментарийлериниздерди окуп турам. 📜Жакшы болсо кубат алып, алдыга умтулам. 💞💋Ыраазы болом.🤲 Сын болсо дагы ошондой. Анткени, сын укпаган киши мен кыйын экенмин✊ деген ойдо турган жеринен жылбай журо бериши мумкун.🐎 Бул профиль инстаграмдагы уйум.🏩🏩🏩 Силер конокко бат-бат келип турбасанар, ангырап бош калат. Жасаган иштеримди эч кимге болушо албай калам. Ырдаган ырыма кол чаап, алкыш айтып, батасын берчу СИЗДЕРСИЗДЕР! 🙏👏💗Сиздер бар учун жузумо жылмаюу келет. Бугун сиздер менен баарлашып, таанышкым келди! Ар дайым каалоо-тилегин жазып жургон куйормандарымды тааныйм. Бет келишип корушпосок да, аты-жондору эсимде калат. Кээ бир катталуучулар бар, журокчо баспаган, карап, окуп туруп, байкамаксан болуп койгон. Эми келгиле жакын бололу! Посттун алдына менин ким экенимди жана озунорду тааныштыра кетиниздер. Суроолорго ачык жооп берем.😚😘 #пост #для #моих #подписчиков #моихорошие #люблю #вас #умутайабдышова #инстаподписчики #инстадрузя