331
15.12.2019
Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Кудайга шугур!
Бир эле коз ирмем экен.😢 Журогум оозума тыгылып, кабынан чыгып кете жаздады. Берген убада менен Балыкчыга барып, Бишкектеги убадама жетишейин деп кайра кайтып келаткан кандуу жолдо кинодогудай трюк жасадым. Шашканымдан учкан куштай сызып келаттым эле. Шок жаным, тайманбастан тайгакты сезбей.
Кардын жааганы жакшы болгону менен, жолдогу бурганак жаман эле болчу. Унаадан тушсон кулагынды алып кете жаздайт экен, аркыраган шамал. Ал эми жаан аралашкан кар терезеге тиери менен тонуп, жол кароого мумкунчулук болбой калып жатты.
Баратканда бир женил машина уболонуп жатты эле, келатканда килейген камаз оодарылып кетип, келаткан жол жабылып, жолдун бери жагы тыгын... Иши кылып баарынарга Кудай жар болсун! Кайра-кайра келиме келтирип келатканым кудайдын кулагына жетип сактап калдыбы деп ойлодум. Ошончо тайгактан, ошончо ылдамдык менен келаткан унаанын айланып-айланып токтоп калышы мумкун эмес эле.
#омур #умутайабдышова #кудайгашугур