Продюсер,певец Урмат Усенов
@urmat_usenov
Продюсер,певец Урмат Усенов

Подписчики: 508238
Посты: 969
Подписки: 12
🔹советник министра КИиТ КР 🔹Отличник культуры. 🔹Почетная грамота Президента Кыргызской Республики🇰🇬 🔹Менеджер 📞0555157675,
https://youtu.be/_xt8YMHw33s
Загрузка...
Bishkek, Kyrgyzstan
Кыргызстанда алгачы жолу эл аралык тенор ырчыларынын сынагы өтөт. 2020 –жылы Кыргызстанда алгачкы жолу СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев атындагы тенор ырчыларынын сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду. Сынактын негизги уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Токтоналы Сейталиев” атындагы коомдук фонду болуп саналат. Учурда сынактын жобосу иштелип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча сынак 2020- жылы күз айларында өтөт. Жыйындын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган тенор ырчыларынын сынагынын маанилүүлүгүн белгиледи. “Сынактын негизги максаты жаш жана таланттуу опера ырчыларын колдоо, аларды алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасында классикалык опера аткаруучуларды деңгээлин көтөрүү жана коомчулукту театралдык- музыка искусствосуна көңүлүн буруу болуп эсептелет. Ушундай жол менен, биз сынакка катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүп, жаш таланттарды сахнага алып чыгууга көмөк көргөзөбүз”-, деп кошумчалады министр Азамат Жаманкулов. Токтоналы Сейталиев кыргыз элинин опера ырчысы (лирикалык тенор). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1972), Казак Мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору жана Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп эсептелет. ------------------------------------------------------------------

Загрузка...