Продюсер,певец Урмат Усенов
@urmat_usenov
Продюсер,певец Урмат Усенов

Подписчики: 508238
Посты: 969
Подписки: 12
🔹советник министра КИиТ КР 🔹Отличник культуры. 🔹Почетная грамота Президента Кыргызской Республики🇰🇬 🔹Менеджер 📞0555157675,
https://youtu.be/_xt8YMHw33s
Загрузка...
Кыргызстан 2020 – жылы салттуу музыка жумалыгын белгилейт 2020 – жылы салттуу музыка жумалыгын Кыргызстандын бардык аймагы жогорку деңгээлде белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 25 –декабрда Кыргыз Республкасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду. Пландалып жаткан салттуу музыка жумалыгынын алкагында өтө турган иш- чаралар туурасында долбоордун автору Роза Аманова айтып берди. Жыйындын жүрүшүндө министр 2020 –жылы салттуу музыка жумалыгынын алкагындагы иш- чаралар борбордо гана эмес, республика боюнча өтөөрүн белгиледи. “Бул жумалыктын негизги максаты жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Маданият министрлигинин буйругу менен бул иш аракеттер боюнча иш алып бара турган атайын уюштуруруу комитети түзүлөт. Иш- чараларга министрликтин карамагына караган бардык бардык окуу жайлар тартылат. Ал эми, жумалыктын эң негизги милдети болуп, жаш таланттарды гана колдоо эмес, алардын ичинен жаңы таланттарды алып чыгып, маданиятты өнүктүрүү болуп саналат. Ал таланттар аркылуу, биз өлкөнүн келечектеги өсүп келе жаткан маданиятын камсыздайбыз деген түшүнүктү берет”,- деп кошумчалады министр Жаманкулов. Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгынын алкагында өлкөдөгү эл артистеринин жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер катышкан мастер- класстар, тегерек столдор жана башка өлкөлөрдөн келген жана жергиликтүү мугалимдер жана искусство таануучулардын лекцияларын уюштуруу пландалып жатат. Бул иш- чараны өткөрүү үчүн министрликтин 2020-жылга карата бюджетинде акча каражаты каралган. Алгачкы жолу салттуу музыка жумалыгын белгилөө жөнүндө буйрук Маданият министрлиги тарабынан 2008- жылы чыгып, 2009-жылы белгиленген. Ал кезде биринчи жолу салттуу музыканын чоң концерти берилген. Ал эми, 2013 –жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен, жумалык катары кабыл алынып, анын алкагында бир катар иш- чаралар бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлүп келет.

Загрузка...