960 11
14.12.2019
Moscow, Russia
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын маданият министрлеринин жолугушуусу болду
Бүгүн, 13- декабрда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Россия Федерациясынын Маданият министри Владимир Мединскийдин жолугушуусу болду.
Тараптар, жолугушуу учурунда 2020 – жылы эки өлкө башчыларынын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кайчылаш жылына карата өтүүчү иш- чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык маселелерди талкуулашты.
Эске салсак, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өзүнүн мамлекеттик визити менен март айында Кыргызстанга келген. Бирден –бир жогорку деңгээлдеги кыргыз-россия сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылын өткөрүү жөнүндө макулдашылган.