547 9
09.09.2019
“Суперфутбол-2019” турнирине даярдык кызуу жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде Саясат, Шоу-бизнес, Көк бөрүчүлөр, ЖМК өкүлдөрүнөн турган 4 команда ат салышат.
Бүгүн катыша турган командалардын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууга "Саясат" командасынан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, "Шоу-бизнес" командасынан ырчы Урмат Усенов, "Көк бөрү" командасынан улакчы Кыяс Ниязов, "Журналисттер" командасынан Нурсултан Нурболот уулу келишти.
Бүйүр кызыткан оюн 6-октябрда Бишкек шаарындагы Футбол федерациясынын стадионунда саат 11:00дө башталат.
Дареги: Медеров көчөсү, 1Б.
Мелдеште Улуттук курамдын бардык оюнчулары конок болушат.
Келип, жактырган командаңызды колдоп кетиңиз. Кирүү акысыз.