Продюсер,певец Урмат Усенов
@urmat_usenov
Продюсер,певец Урмат Усенов

Подписчики: 508238
Посты: 969
Подписки: 12
🔹советник министра КИиТ КР 🔹Отличник культуры. 🔹Почетная грамота Президента Кыргызской Республики🇰🇬 🔹Менеджер 📞0555157675,
https://youtu.be/_xt8YMHw33s


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
960   11
14.12.2019 Moscow, Russia
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын маданият министрлеринин жолугушуусу болду Бүгүн, 13- декабрда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Россия Федерациясынын Маданият министри Владимир Мединскийдин жолугушуусу болду. Тараптар, жолугушуу учурунда 2020 – жылы эки өлкө башчыларынын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кайчылаш жылына карата өтүүчү иш- чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык маселелерди талкуулашты. Эске салсак, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өзүнүн мамлекеттик визити менен март айында Кыргызстанга келген. Бирден –бир жогорку деңгээлдеги кыргыз-россия сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылын өткөрүү жөнүндө макулдашылган.
8244   408
03.12.2019
Акырын кыймылдап,алдыга баратабыз.Аллах Таалама шүгүр,сени себепчи кылып,пешенебизге эки перзент берип,кубанычка ороду...Бирге баскан бир таман жолубузда ар кандай күндөрдү кечирип келебиз.Арасында жакшысы болсо ашырып,жаманы болсо унутуп,жанымда болгонуна ыраазымын.Элге окшоп эселеп деле эркелетип жиберген жерим жок,ашырып алаканга салдым деп да айта албайм.Бирок бир нерсени так айта алам:сага болгон ниетим түз,тилегим ак,үмүтүм зор,сезимим күч!Аллах Таалам аманат кылган сени,кандай гана коркунуч болбосун коргоп алганга кудуретим жетет!Өмүрдү бирге сүрүп,балдардын бактысын чогуу татып,тең карып,ак баскан саамайындан сылап,бырыш тарткан колуңдан таяп,тамашага салып,небере жытын жыттаганыбызды тилек кылып жашап келем.Мага чыдаган,анан мендейди чаап алган кыйын эле кыз экенсиң..))Сени менен дагы бир сонун жыл өттү.Эми эмки жылды дагы жакшы үмүттөр менен күтөм.Эч кабатыр болбо,биз сени абдан жакшы көрөбүз . Урмат,Нурэл жана Жазэл.
Загрузка...