3758 326
20.01.2020
Бул байкуштардын дагы көрөр күнү бар экен....
******
Ушу жаңылыкты окуп алып аябай кубанып, жетекчиликке ыраазы болуп, көзүмө жаш толуп кетти!
*******
Бул кесипте иштегендер негизи эле өмүр бою кор болуп жүрүп өтүшөт байкуштар! Булар эшикте, күндүр-түндүр шдагбаумду көтөрүп- түшүрүп, оор жүктөрдү аңтарып, тердеп, чардап иштешет. Жүктөрдү сканерден текшерип, өлө экранды карайбыз деп көздөрү ооруйт. Конверт менен келген акчаларды санайбыз деп атышып бармактары карышып, көп сандан мээлери ооруп, баштары чаташып кээ бирлеринин курсактары чыгыыыып чыгыыыып кетет. Эми мунусу аз келгенсип конверттерди алыш дагы кичине саааль саааль татаалыраак болуп жатат покачы, тиги коррупсия деп эле баары тим эле.... Анан акыркы күндөрү көз мончоктор дагы түтпөй калды элдин көздөрү тийеберипчи. Себеби биз дагы өлө кыйналып иштейт элек бажыда дегендер толуп кетиптир. Байкуштар билбейт да тигилер кыйналып жүрүшкөнүн.
******
Воообшум жашоолору кыйын. Анан эптеп бажы кызматкерлери кыйналып-кысталып араң акча чогултуп эптеп бир самолет жалдап Дубайга учуп барып эс алып келишиптир деген жаңылыкты угуп алып аябай кубанып кол чаап ийдим, алда байкуштар айя! Булардын дагы көрөр күнү бар экен деп. Ыракмат сага Өкмөт ай!