сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9668   326   122608
22.04.2020
Алгачкы ырымды атам жазып берген. Атам @kubik_kalykov_official рахмаат🙏Сиз бар учун мен коп нерсеге жетиштим!Апам экоонуздордун колдоонуздар,тарбияныздар мага канчалык дем куч берди,дагы да болсо берип келе жатат!!!Рахмаат силерге🙏🙏🙏❤️❤️❤️😘😘😘 Кыз 17 жашта.Эч бир жаман ою жок,Жан дуйносу таза,ишенчээк,ото жонокой,жаш секелек кыз эле...12 жыл отуптур...Алгачкы ырым,алгачкы "Сезимим"...❤️❤️❤️ "Сезимдин" музыкасын @ilyaz_abdyrazakov_official жазып берген.Азыркы кунго чейин иштешип келебиз🙏Чыныгы талант👍 Кандайсын анан байдын кызы?-деген соз модага айланды эле😁"Достор"кинотасмасы.Мени бул тасмага чакырган @jabirov_yrysbek агама терен ыраазычылык!🙏Анан да актерлук чеберчилигимдин устунон иштеген Назым Мендебаиров агайыма чоон рахмаат🙏 @sultan_sadyraliev_official менен бирге коп иштешкенбиз.Чогуу канча деген жерлерге барып,концерт коюп жургонбуз.@sultan_sadyraliev_official чынында гастрольдоп жургондо коп окуяларга туш болгонбуз.Алардын бири Якутияда чемодандарыбыз башка жакка учуп кетип,концертти болгон кийим менен койгонбуз😁Эээх,откон кундор элес бойдон кала берет экен... #Алгачкыкадамдарым Реклама в блок!!!
Загрузка...
5286   324
18.03.2020
Бир эле теманын айланасында сүйлөп, наалып, ашатып, сөгүп, коркуп атып далай негатив чакырдык жашообузга. Шорпо - шилең ичип эле чуркап кетет кыргыз. Андан көрө жаз келди. Сүйүү жааты кантип атат? Кимдин жан дүйнөсүндө уйгу - туйгу? Жашооңордо кандай сонун жаңылык болду? Ошол тууралуу сүйлөшөлүчү? Өзүмдөн баштайын. Анатолий Некрасовдун "Путы материнской любви" китебин окуп бүтүрдүм. Психологияда өзүмдү өнүктүрүү боюнча сабакка бардым бүгүн дагы. 1 - модульду аяктадык. Көп билим алдым. Жашоомдун жакшы жакка өзгөрүшүнө, өзүмдү дагы жакшы таанышыма өбөлгө түзүлдү. Ютуб каналым жанданды. Буюрса, дагы бир иштин артынан чуркап жүрөм. Бүтөйүн деп калды. Күйөрмандарымдын каалоосу, суранычы боюнча аткарылган иш. Жаздын келиши мени абдан кубантып жатат. Чымчыктын сайраганын уккан абдан жагат. Көйнөк, така кийип, кыздар ачылып баштадык. Көптөн бери диетада болчумун. Бүгүн рамен жедим. Ушунчалык ырахат алып жедим. Бүгүн кечке уктадым. Бул да чоң ырахат! Сизчи? Келгиле, позитив флешмобун өткөзөбүз? Ар ким өзүнүн жакшы жаңылыгын айтат. Баардык оюбузду жакшылыкка топтоп, оозубузга сонун сөздөрдү гана алабыз. Колдойсуңарбы?