сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7911   285
10.06.2020
15 жыл мурда, 10.06.2005 жылы, атабыздан айрылдык эле... Ата-энебизди көз тирүүсүндө барктап, достор, урматтайлы. Атакем бар кезде, аркамдагы аска зоомдун көлөкөсүндө жүргөндөй сезилчү эле. Эки дүйнөдө, баардыгы үчүн миң мерте ыраазычылык, Ата! Аталар, #барболгула, узак жашап, балдарыңардын албан албан ийгиликтерине, жакшылыктарына күбө болуп, жанында ар дайым жүргөнүңүзгө тилектешмин. 💚❤️ Берегите и цените родителей, пока они живы и рядом с вами. ❤️💚 Сегодня исполнилось 15 лет, как мы живем без нашего папы. Люблю и скучаю, Ата. 😘 На фото я с отцом, который приехал меня навестить во время учебы. Лондон, 2002 год. Аталык айбат Кээде мен ойноп коем ашкере чаап, Кайдыгер.. үй-жайымды унуткарам. Ошондо, атам төрдө.. сүрөтундө, Алдына айыптуудай туруп калам. Кээде мен үйгө келем маанайым пас, (Бардыгы суз көрүнөт мындайымда). Үн катпай, сын көз менен назар салып, Анда да атам менин маңдайымда. Атанын өзү турсун, аты да ыйык, - Муундан-муунга өтүп, урматталат. Сүрөтү, көзү өтсө да, бизди дайым, Аталык айбат менен карап турат...(с)
6215   285
02.05.2020
"Уулум, бул сенин таятаң" дедим сүрөттөн көргөзүп . "Айиий, сулуу киши турбайбы! " дедиң. Сен экөөбүз тең ага окшошпуз. Өзгөчө ырсактап тийишип, тамашалашып, какшык аралаш сүйлөгөн жагыбыз окшош ага. Музыкалык талантың, чопо чоордо ойногонуңан бери окшош. Атасына таарынган кыз жашоосунан бакыт таба албайт дешет. Ажырашканда гана кечире алуу күчүм ойгонду. Анткени таарына турчу дагы бир адам кошулуп, көтөргөнгө жүгүм оор болуп калды. Көтөргүм да келген жок. Уулуң турганда эркек аттууга таарынуу оңой эмес иш экен. Мен сени жакшылап тааныш үчүн, эркектик касиетиңди өстүрүп, тебелеп албаш үчүн аларды жакындан таанып, кабыл алып, кечирүүм керек эле. Аталар ар кандай болот экен турмушта. Жаралганыңа эле көмөк кошуп, жашооңон биротоло четтеп кеткени болот. Анын миссиясы жөн гана жаратууга жардамчы болуу. Ал тургай ал өзүнүн жоктугу менен болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сабак берет. Кандай сабак бере алганын өзүнчө жазаармын. Айрым аталар үйрүлүп түшөт. Коруйт. Баласы үчүн дүйнөгө каршы чыкканга даяр. Аталар бар. Сенден алыс жашайт, бирок баласынан кол үзбөйт, жардам берет, жанында экенин сездирет. Аталар бар. Апасын да, балдарын да күм - жам кылып күндө төпөштөйт. "Ушундан көрө жер кучаткап жатса не?" дешет балдары. Жек көрүшөт. Аталар бар. Жер кучактап жатышат. Алар сөөлөтү, аты, качандыр тирүү кезинде калтырган элеси, баскан турганы мүнөзү мн тарбиялашат. "Атам мындай болчу! Атам тирүү болгондо..." деп тарбияланат алар. Аталар көп. "Ата" деген сөздүн түпкүрүн ар ким ар кыл кабылдайт. Аталуу кандай экенин билбейм. Атага эркелөө, анан сүйүүсүн сезүү кандай экенин да көргөн эмесмин. Бирок, мени жаратканга коңкон салымы үчүн ушундай ыраазымын. Ал менин жашоомдун бир бөлүгү. Кандай гана болбосун кабылдоого тийишмин...#жөнэлеойлор
Загрузка...
3202   285
27.04.2020
@suiun_otkeev : Кечээ түндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адамдар асманда катар тизилген жылдыз сыяктуу нерселерди көрүштү. Ар ким ар кандай божомолдоду. Отуруп алып кыйын болгондор болду. Ал деген чындыгында Илон Масктын “SpaceX” компаниясы учурган 60 спутник болчу. Биз батышты канчалык жамандасак да, көрө албасак да, кызгансак да аларга эч кандай таасир бере албайбыз. Тескерисинче алар биздин жашообузга түз таасирин тийгизип келатышат. Биз муну кабыл алышыбыз керек. Аларды жаман көргөндүн ордуна, алардан бир нерселерди үйрөнүүгө аракет кылышыбыз керек. Алардын өлкөлөрүнө балдарыбызды жиберип окутушубуз керек. Алардын илиминен, билиминен бир нерселерди үйрөнүп калууга аракет кылышыбыз керек. Биякта отуруп алып жаман көргөндүн кымындай да пайдасы жок. Болгондо да АЛАР ТАПКАН фейсбукта, инстада отуруп алып кайра тигилерди жамандайбыз. Алар жасаган самолетто учабыз, алар чыгарган машинаны айдайбыз, алар чыгарган телефонду колдонобуз, алар чыгарган календарды колдонобуз, алар чыгарган финансылык системалар менен жашайбыз, алар чыгарган дарыларды ичип айыгабыз, алар чыгарган телевизор, компьютерлерди колдонобуз, алардын бизнеспланы менен фирма ачып үй-бүлөбүздү багып атабыз, алар чыгарган интернетти карантинде эрмек кылып отурабыз. Кыскасы жашообузда бардык колдонгон нерселерибиз алардыкы анан жаман көргөнүбүз да алар. Кээ бирлери Аллах таап атат буларды, алар эч нерсе кылган жок деген шылтоо таап алышыптыр. Ушундай караңгы адамдар да бар экен тилекке каршы. Анда эмнеге мусулмандар GOOGLE ду тапкан жок, Амазонду тапкан жок, SpaceXти тапкан жок. Биз Аллага ишенебиз го, анда бизге таптырбайбы ушундай нерселерди... Аллахтын кучу чексиз. Биз болгону аракет кылбай атабыз. Ислам дини илимге каршы эмес, тескерисинче Куран “ОКУ” деген сөз менен башталат. Бир эле аят менен хадисти окуу эмес ал, физиканы оку, химияны оку, математиканы оку, илимдүү бол, билимдүү бол, интернетти сен ойлоп тап, спутникти сен ойлоп тап, марска сен уч, айга сен бар керек болсо дүйнөнү сен башкар деген сөз. Аллах да сен бирдеме кылсаң береби же үйүңдө отуруп алып “алма быш оозума түш” десең эле берип коебу. Динибиз тескерисинче ушунун баарын СЕН КЫЛ, СЕН ӨНҮК, СЕН КАРАҢГЫ БОЛБО деп атат. ⬇️⬇️⬇️