сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6279   283   111516
13.05.2020
Бугун чындап ыйладым, жүрөгүм менен ыйладым😰. Буга чейин жардам сурап жеке кат жазгандарга колдон келишинче көмөк көрсөттүм, бирок, анын баарын жарыялагым келген эмес. Бүгүнкү көрүнүштү жарыялап коюуну туура көрдүм. Элим бири-бирибизди колдойлу, урушпайлы, чырдашпайлы, биригели, өнүгөлү, өсөлү. Таштандылардын арасында жашаган адамдарды көрүп зээним кейиди. Суу жок (көл дешти, топтолгон суу бар экен, ошол жерге жуунабыз дешти) аба жок (таштандылардын бырыксыган жыты каңылжаарды жарат). Өкүнүчтүүсү ал жерде жаш балдар көп экен. Мындай шартта жашаган балдар кантип дени сак чоңоёт? Дени сак болбосо кантип кыргыздын тукумун улайт? Жетиштүү билим жок, кантип коомго пайда алып келет? Суроолор көп... Жооп жок... Баарына жардам бергим келди, бирок, жеткире алган жокмун. Кайрымдуу инсандарды ушул инсандарга көмөк көрсөтүүнү чакырам.
Загрузка...
4504   282
06.03.2020 Банкетный зал AKSARAY GRAND HALL
Жаратканга миң мертебе шүгүр келтирем... Жөнөкөй жашоодо татыктуу тарбия берип, бапестеп, токчулукта чоңойтуп, абийирдин баалуулугун үйрөтүп, келечекке жетелеген апама таазим этсем, чыгармачылык жашоомдо баладай кылып өстүрүп, сыноолорго сынбай сабырдуулук менен жеңгенди үлгү катары көрсөтүп, туура багытты көрсөткөн өмүрлүк жолдошума ыракматымды айтамын. Бардык жетишкендигим бул жолдошумдун эмгеги. Жолдошумдун, ата-энемдин жүзүн жер каратпай, ушул даражалуу сыйлыкты татыктуу алып кетем деп билем. Анткени, мен үчүн менин бул жалганда басып өткөн жолум, “тарыхым” маанилүү! Азыркы жашоодо билебиз кандайларга жол ачылып аткан учуру, бирок элиме таазим, эл тараза, эл көтөрөт, эл айтат, анткени биз Манастын урпактары - намыска бек КЫРГЫЗБЫЗ☝️ . Күтүүсүз сюрпиз, жагымдуу маанай белек кылган бүгүнкү кеченин уюштуруу тобуна, айрыкча @dana_pro_kg эжекеме 🙏 Мына ушинтип жаратман апаларыбыздын, айымдарыбыздын жана кыздарыбыздын эмгектерин көзү тирүүсүндө баалап, майрам алдында эсте калаарлык, жагымдуу маанай тартуулап бергениңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем 🙏 Ишиңиздерге мол ийгилик каалайм! Достор, куттуктооңуздарга ыраазымын... Айтылган ар бир каалоо-тилектериңиздер ылайым орундалсын. Ийгиликтер, жакшылыктар көп болуп, баарыбызда тең болсун! Аманчылыкта эл арасында бирге бололу!
11415   282
28.01.2020
Келечекте кедей болор адамдын 20 белгиси: 1. Эрте турганды жаман корот. 2. Мумкунчулук болсо эле жамбаштап жатканды жакшы корот 3. Эмгекчил адамдарды «акча дегенде олуп кетет» деп сындайт. 4. Кунумдук маршруту окшош эле: Ашкана, телевизор, интернет, диван жана даараткана 5. Кыялданат десе эле ишке ашпаган иллюзияга жетеленип, жакшы кун болорунан умут узбой кун откорот. 6. Жумушу жок. Жумушка чакырса айлыгы аз деп шылтоолойт. 7. Коп акча тууралуу кыялданат, бирок аракет кылбайт. 8. Бирооно суйонуп жашайт (аялына, куйоосуно, карыган апасына, эжесине же байкесине) 9. Бироого акыл уйротконду билет. Бирок ал акылын озуно пайдаланбайт. 10. Интернетке коп убакыт коротот. 11. Жанын кыйнагысы келбейт. Эки кун чарчап иштеп калса, бир жума бою эс салат, жоо чаап келгендей. 12. Дайыма бир нерсени шылтоо кылган адаты бар. 13. Жакшы коргон созу «Ошол кун келе берсинчи», «Кудай деген кур калбайт», «Ар бир адамдын оз ырыскысы бар», «Бара коробуз», «Байлык колдун кири» ж.б. 14. Билими денгээли илгерки бойдон, же такыр эле билими жок 15. Жаны нерсени кыйындык менен кабыл алат, же такыр эле кабыл албайт. 16. Изденбейт, озунун ишканасын ачып аракет кылуу, онуктуруу тууралуу ойлоп да койбойт. 17. Акча чогултуу адаты жок. Бир аз ашыгыраак акчасы болсо, ал акча чонтогун «тырмап» тынчтык бербей, короткуча шашат. 18. Чыгашаларын эсептебейт, зарыл болсо карызга алып шаан-шокот кыла берет. 19. Ачкыл, кычкыл, ачууга жакын 20. Эн башкысы! Бекерчиликте жатып омур жылдары кемип, мумкунчулуктору азайып жатканын капарына да албайт. Ынгайлуулук зонасына (зона комфорта) батып калганын сезбейт. Сиздердин оюнуздарча дагы кандай белгилери бар, комментарийге улантып жазсаныздар: