сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
10843   113
09.05.2020
Чоң атам... Азыр ойлоп көрсөм кыргыз дөөлөтүнүн өзүнчө бир энциклопедиясы экен. Тарыхты, санжыраны, салтты, адепти, динди, мамилени, эң башкысы тоголок жетим чоңойгондуктан турмушту терең билчү. Ок жамгырдай жааган согуштан аман келгенине чексиз шүгүр. Беларусь фронтунда кыл чайнашкан майданга кирип эки жолу ок тийип, катуу жараат алган. Ошого байланыштуу мыйзам боюнча согуштан бошотулган экен. Бирок, “Улам арыз жазып суранып жатып кайрадан фронтко киргем” деп калчу жарыктык. Ошол бойдон согуш аяктаганча колунан куралын таштаган эмес. Бомбабы же гранатабы, айтор жарылып, денесине кирген темир чачырандылары өмүр бою кыйнады. Карылыктан улам арыктап, көк тамырлары көрүнүп калган колундагы бөлтөйгөн темир сыныгын мен да далай жолу кызыгып кармагам. Жаштыгында операция кылып алып коюу сунушу айтылса, эчтеме эмес деп көктүгүнө салып макул болбой койсо керек. Күн суукта кээде өзү айткандай “осколка сыздаткан" колун ушалап, кыйналганын билдирбөөгө тырышып, эрдин кымтып бир топко отурчу. Колунда чоңоюп, тарбиясын татып, жан дүйнөсүндөгү жана акылындагы ошончо кенчтен үлүш алып калганыбызга канымет. Чоң атам тууралуу бир аз гана “Ант” романында жаздым. Каармандын чоң атасынын прототиби өз чоң атам - АДИ АКНАЗАР уулу. Жаныңыз бейиште болсун, ылайым, менин каарманым жана баатырым. Бүгүн сиз жана сиздин замандаштар канын төгүп, жанын садага чаап жеткен жеңишти майрамдап отурабыз... Ушул мээнетиңерди актап, татыктуу урпак болсок экен! 9-май, 2020-жыл
Загрузка...