сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
10799   205
15.03.2020
Муну билгенден кийин сууну көп иче баштайсыз! Суунун адам үчүн пайдасы: 1. Иммунитет системасындагы негизги жилик майынын түрдүү ооруларга каршылыгын күчөтөт. 2. Суу – азык заттар, витамин жана минералдардын негизги эриткичи. Организм суу аркылуу магний, фтор, темир, йод, кальций сыяктуу минералдарды алат. 3. Суу тамак-аштын курамындагы керектүү элементтерди организмге сиңирүүсүнө жардам берет. 4. Эритроциттин жакшы иштөөсүн камсыз кылат. 5. Клеткаларды кычкылтек менен камсыз кылып, калган газдарды өпкөгө ташыйт. 6. Муундардын байланышкан жерлерин майлоочу зат болуп саналат. 7. Омуртка дискаларына да пайдасы мол. 8. Ичеги-карындын жумушун жакшыртат. 9. Дене температурасын бердей кармайт. 10. Суу – мээнин функциялары үчүн күч жана энергия булагы. 11. Жүрөк жана шал (параллич) оорусунан сактайт. 12. Мээден бөлүнгөн гормондордун жасалуусу үчүн керек. 13. Суу адамдын маанайын ачат. 14. Эч кандай жаман таасири жок. 15. Стресс менен депрессияны басат. 17. Уйкуну жөнгө салып, чарчаганды кетирип, терини жумшартат. 18. Көзгө жалын берип, организмдеги канды иреттейт. 19. Инфекция менен рак оорусуна каршы иммунитетти бекемдейт. 20. Канды суюлтуп, кан айланган кезде коюлануусун алдын алат. 21. Этек кирден мурда келген оору менен денедеги температураны басат. 22. Канды суюлтуп, катуу заттардын чөгүшүнө тоскоолдук жасайт. Кандын 90 пайызы, булчуң эттердин 75 пайызы, мээнин 85 пайызы, сөөктөрдүн 28 пайызы суудан турат. Бардык химиялык реакциялар суунун катышуусу менен ишке ашат. Керектүү өлчөмдө суу ичпегенде: 1. Мээнин жумуш иштөөсү жайлайт. 2. Кан коюланат. 3. Жүрөк көп иштөөгө мажбур болот. 4. Заара сары түстө болот. 5. Ичтин катышына (запор) себеп болот. Суу жетишпегенде: 1. Баш ооруйт. 2. Баш айланат. 3. Чарчоо, алсыздык пайда болот. 4. Ойлонуу кыйындайт. 5. Табит качат. #булакинтернет #пайдалуукенеш
10789   134
24.01.2020
Өмүрдүн баалуулугун эскерген даанышман. Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз?" - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет: "Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм." Укугу тепселген адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм. Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм. Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм. Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм. Өмүр бүтсөдө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм. Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм. Адамдар менен сапарга чыгуу бул - микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин түшүндүм. Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм. Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм. Ата- энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан сөзсүз ошондой мамиле көрөрүңдү түшүндүм. Жалкоолонуп эч нерсе кылбай ар кимден суранган адамдын ырыскысын Жараткан кем кылып койорун түшүндүм. Чыныгы ыклас менен кылынган тилек -дуба сөзсүз бир күнү кабыл болорун түшүндүм. @taalim__ баракчасына жазылыныздар
Загрузка...
10785  
05.09.2019
Урматтуу элим, кечээ жакында ачылган контейнер мектеп тууралуу көп деле сөз жазбайын. Кыскасы, жүрөк оорута турган маселе болду. Ал жерге барган 6 чиновниктин өздөрүнүн балдары окуган мектеп тууралуу кимде кандай маалымат болсо, чыгаруунуздарды өтүнөм. Себеби, Президент айтып кеткендей "Мамлекеттик кызматкер жеке байлык топтоо үчүн, мамлекеттик кызматка келбеши керек". Алар өздөрүн кызыкчылыктарын, элдин кызыкчылыгынан өйдө койбош керек. Айрыкча аким, айыл өкмөттөр карапайым элге жакын болгондуктан элдин көйгөйүн максималдуу түрдө чечүүгө милдеттүү деп эсептейм! Мен өзүмдүн жоро-жолдошторум менен Кеңеш айылына 10 тонна цемент түшүрүп берүүгө даярмын. Кимге, кайсы жакка байланышка чыгаарыбызды билбей турабыз. Кайсыл жакка алып келип, түшүрүп бергиле десе алып барып беребиз. Көп түкүрсө көл болот, кимдин колунан дагы кандай жардам келсе, кол сунуңуздар!#дастаншаршеев🙏🌙