Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5720   218
28.05.2020
Кандай мамилени өзүңө ыраа көрсөң ошондой мамилени күтөсүң. Өзүңдү кандай бааласаң, ошончолук баада сени баалашат. Бийик койсоң, бийик баалайт. Чаң жугузбайт. Өйдөдө болосуң. Башына таажы кылат. Төмөн койсоң, бут алдында болосуң. Тебелеп, чаңдатып, кирин сүртүп турат. Сындап, көңүлүңдү оорутуп, ишеним көргөзбөй, жан дүйнөң мн эсептешпей жатышса, ойлон! Тык токто! Ал мага андай мамиле кылгыдай, мен эмне кылып атам? Кантип бул мамилеге татып атам? Өзүңдү бийик мамилеге татыктуумун десең, үз мамилени. Артыңды карабай чурка! Мамиле эгер ишенбестиктен куралып атса, борпоң топурак мн салынып аткан үйгө окшош. Жаан, шамалга туруштук бербейт. Кайсы учур болбосун кыйрап түшөт. Сени сүйгөн адам айттырбай эле көрүнөт. Анын мамилесинен дароо түшүнөсүң, тааныйсың. Ал мамиле ырахат, кумар, ишеним, тынчтык тартуулап атса, демек, туура мамиле жана анын баркын бил. А эгер сөзүнөн жүрөгүң ооруп атса, өзүңдү кем сезип атсаң, кыжалаттык пайда болуп атса ал уулуу мамиле. Ууландырат. Бара бара чүнчүтүп, жок кылат. Уулуу адамдардан кутулуу керек экен. Бир эле өмүрүң бар. Ууландырып эмес, гүлдөтө турчу адамдарды тегеректетели. Мамиле кыз - жигит мамилеси гана эмес жашооңдогу баардык мамиле тууралуу кеп жүрүп жатат. Мейли ал ата - энең, бир тууганың, досуң, шефиң, кесиптешиң болсун...үзгөндү үйрөн! #жөнэлеойлор
8993   213
26.05.2020
Атаандашууда өсүш жаралат дешет. "Көралбастык эмес атаандашуу болсун" дечүмүн, бирок атаандашып атканда деле арамдык, ичи тардык кошулуп кетет экен. Атаандашканда өзүң мн атаандашың керек экен. Мурункудан кийинки Назира аштыбы деген кыязда. Өзүңдү өзүң мн салыштыр. Адам өзүн өнүктүргөн сайын дагы бир тепкичке бийиктейт. Айрым учурда мурункунун кылык жоруктары кийинки үчүн күлкүлүү көрүнө баштайт. Анткени мурунку сен өсүп кеткен кийинки сендин алдында турат. Бийиктен караган көз караш башка болот. Өсүп атканыңда чоңоюп аткан балага көйнөгү батпай калган сыңары кадимкидей өзүн тегеректеп турган адамдар да кызыксыз боло баштайт. Алардын ар бир мүнөзү, кыялы - жоругу так, даана көрүнөт. Мурун ал сага идеалдуу болчу балким. Азыр өйдөгө чыккан, өскөн көз карашың мн карап алып, өзүңдү канчалык деңгээлде сыйлабаганың, ушундай мамилени өзүңө ыраа көрүп, тебелетип жүргөнүңдү көрүп, чыйрыга түшөсүң. Ар бир адам өз дезгээлине жараша, өзүнүн энергиясына тең адамдарды тегеректетет. Анткени аларды көңүлү, сөзү бир. Сен өскөндө мурункулар чак келбей калат. Сенин деңгээлиңдеги бийиктеген адамдар мн жолуга, достошо баштайсың. Байкаганым, дайым эле интеллектиси жогору адам бийик болбойт экен. Өсүү бул интеллект жактан эле эмес руханий, моралдык жактан өсүү эсептелерин баамдадым. Ушундай кванттык физиканы билет, бирок жашоонун физикасын, даанышмандыкты билбесе интеллектиси тыйынга татыбайт экен. Өзүңдү тааны, өзүңдү өстүр! Сазда жатсаң, демек бака бойдонсуң! Тегерегиңдеги адамдар жаман эмес. Кеп ошолордун арасында жүргөн өзүңдө. #жөнэлеойлор
7050   234
25.05.2020
"Кой, көңүлүн оорутуп албайын!", "Кой, туура эмес түшүнүп калбасын!", "Жаман көрүп калат!" ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдүн артына жашынып алып, сезимдердин баары көмүскөдө көмүлүп кетет. Бир күнү урушуп кеткенде толуп калган ириңди анан бетине жаба - жаба кусабыз. Алдын ала сүйлөшүп, чечишип алуу деген бизде жок экен. Баары жакшы деп жымсалдап жүрөп берип, чындыкты айтканда көтөрө албай көтөрүм болуп өлүп калабыз го. Катасын моюнуна алып, башын шылкыйтып, "Ооба, айып менде экен. Ошону оңдоп коеюн!" деген киши көрдүңөр беле? Жок ой! Бирөөнүн кемчилигин, туура эмес жерин, катасын айтып көр! Беттен алып, өпкөңдү үзүп, башыңды жулуп, колуңа карматат. Анткени тээ баштан ачык айтып көнгөн да, көндүргөн да эмеспиз. Комплекс көп бизде. Ар бир адамда бар. "Уят өлүмдөн катуу", "Намыс" дегенди кур намыс ж.б.деп түшүнүп, дозасын ашырып колдонуп алышкан. Безге сайгандай безилдейбиз чиркин чындык мн беттеше албай...бөтөнгө чыгармак түгүл, өзүбүз өзүбүзгө да айткандан, ачыкка чыккандан коркобуз. #жөнэлеойлор
5282   224
25.05.2020
Куралдын ырчылар бай эмес деген видеосу жакты абдан. Биз артистер бири бирибиздин жашоо - турмушубузду билебиз да.  Сырттан көргөн адамдар укмуш, жыргал жашоо, бай жашоо ушулардыкы дешет. Чет өлкөдө болгондур. Бизде андай жок. СССР дин Эл артистери бир бөлмөлүү жатаканада жашашат. Белгилүү,  белдүү актер, актриса эжелер он миңге жетпеген айлык акы алышат. Бирок тырбалаңдап, тигил жакка чуркап, бул жакка чуркап бирдеме кылып жүрөбүз. Мамлекеттен "Келе " деген жерибиз жок. Жардыбыз. Анан оңдуу унаа айдап калсак, аны аябай кыйкырып мактанабыз. Оңдуу үйдө жашап калсак, аны аябай түз эфирге чыгып алып жар салабыз. Оңдуу көйнөк кийсек, кайра - кайра басабыз. Көрбөгөндүн көргөнү курусун! Анан эмне кылабыз?)))) Курал экөөбүзгө окшогондор тапкан ташыганын алгач ата - энебизге чаптайбыз. Алар оңдуу үйдө жашасын, жөө баспасын дейбиз. Өзүбүз эптеп бир бөлмөлүү батир алып жашайбыз. Бирок өлө бактылуубуз. Жүрөгүбүз тынч. Ата - эненин карызынан кутулуп аткандай.  Анан эле эл сенде жокпу дешет. Ылайым болсун! Оозуңарга май! Өткөндө бир ырчы квартирасынын акчасын төлөй албай атканын жазды эле. Айрым адамдар "Сооп болот " деп аябай ичиндеги кусундусун төгүшүптүр. Коррупционерлерге төккүлө да ызаңарды! Ырдап анан сүйлөп алган акчабызда эмне айып?? Азаматсың, Курал! Чындыгың үчүн рахмат!
Загрузка...
6223   223
23.05.2020
"Энесинен бөлөк өппөгөнү болсун" дешет. Эмнеге деп атканын деле, түпкүлүгүн түшүнүшпөйт. Аларды кулагына куюлган. Ошол туура деп айтышкан. Жылдан жылга уланып келе жаткан салт, адат. Аруу, таза, куулукту - шумдукту билбегендерге үйлөнүшөт. Аны анан музей кылып үйгө сактап коюшат. Ал төрөгөнгө, үй оокатын кылганга, баш ийдиргенге аябай ыңгайлуу. Кези келсе, үндү өктөм чыгарып, кичине жүрөк үшүн алып коюп турганга да жакшы. Бирок алардын көзү шойкомдуу, комплекси жок, төшөктө укмуш оюн кура алган, шарактаган аялдарда болот. Төшөгүн чанып кете албай, далайы торго түшөт. Миң мойнубузга алгыбыз келбегени мн кумар көп нерсени чечет окшобойбу?! Эки адамдын сүйлөшө келсе сөзү, оюнга батса кызыгы тарабаса эле мамилеси узун сүрөрүн байкадым. Кээде илгертеден келе жаткан эрежелерди буза албай, далайларынын тагдыры сынат. Башка көздөр мн сөздөргө сынып калбаш үчүн каалоосунан баш тартат. Кызды кырк үйдөн тыйып атып төшөк уят, жаман, күнөө нерсе деген түшүнүктү катуу киргизип коюшат. Ал тургай эринин койнунда жатканда да коркуп, уялып, кысынып жатат. Ал нерсе мн мырзаларды кармап калыш кыйын. Ал сөзсүз сырттан жыргалын издейт. Ырахат алгандан, тартуулагандан тартынбаш керек. Үй бүлөнүн бекемдигине бул нерсенин эң эле чоң салымы бар! #жөнэлеойлор
4203   124
20.05.2020
))))) тим эле окшошуп отуруп алганыбызды кантели? Интервьюну монтаждап келип, көргөзүп аткандагы кербез. Кафе ызы - чуу. Чала - бучук чыккан үнүн уга албай убарабыз. )) Сонун съемка жасап келдик деп ичибизде кудуңдаган кубаныч бар. Маектин арты мн далай адамдын энергиясын, жан дүйнөсүн көрүүгө, аны элге көрсөтүүгө өбөлгө түзүлүп атат. Саясатчылар болобу, сахна адамдары болобу, сырттан билгеним менен жан дүйнөсүнө сүңгүп, жакындан эч кимисин тааныбаптырмын. Ар бир адамдын ааламын ача келсең эле бир чоң дүйнө жатат. "Жаман киши жок. Жөн гана жаман адаттары бар ". Жакшы айтылган кеп. Алманбет мырзаны сырттан карап "Менден бетер бапылдаган кандай неме?" дедим. Бирок кепке тартып, жан дүйнөсүн ача келгенде сонун адам чыкты. Чыныгы жүзүн көрсөттү. Бапырактап, шамалдай шуулдаган, куюн болгон байкенин ары жагында жөнөкөй, ата - эненини мээримине зар болуп өскөн, ар кыл жолу бар адам чыкты. Баарыбыз бетибизге башка адамды жамынып, жан дүйнөдөгү чыныгы жүзүбүздү жашырат экенбиз. Бет капты алып, дүйнөсүн сууруп чыгуу мага жакты. Чыныгы жүзүңөр кандай сулуу?! Аны эмнеге жашырабыз бирок? Экөөбүздүн сырдашуубузду ютубдан менин каналыман (Назира Айтбекова) көрүңүз: https://youtu.be/WuXqs9rhqf8
6559   354
18.05.2020
Кичинекейимде сулуу кыздардын сүрөтүн тартып, кооз көйнөктөрдү кийгизип алып, "Ушундай сулуу болсом ээ?" деп кыялданар элем. Жашоодо көп сулуу аял көрдүм, бирок сулуунун бактысы дайым эле сулуу боло бербейт экен. Жашоосунда жалгыз жүргөн сулууларды көрүп, "Эркектин көзү кайда? " дейсиң. Көрсө, алардын жалгыз жүрүшүнүн көп фактору бар экен. 1. Айрым аялдар сулуу болушу ыктымал, бирок муздак. Жылдызы жок дейбизби. Мелтейип турат. Кучагына алса, кошо тоңдурчудай. Каймана аты : Снежная королева. 2. Супсулуу, жылдыздуу бирок эрки жок болушу да ыктымал экен. Ээрчиткенди эле ээрчип кеткен. Этеги жеңил. 3. Айрым сулууларга даай алышпайт. "Бул мени карабайт да!" дешет. Кол жеткис болуш керек деп айланып өтүшөт, алыстан сүйүшөт. Айрым духу жетпей калгандар өзүн өзү жооткотуп, Күлүк атка салыштырып, ал тууралуу ар кыл ойлорду айтышат. Бул жанагы мышыктын окуясы да. Майга жетпей мурдун чүйрүгөн. Жыйынтыгында, сулуу кол жеткис бойдон бийкте жалгыз карыйт. 4. Дагы бир сулуулардын түрү бар. Алар сулуу экенин билишет. Өзүн жогору жакка чыгарып алып, теңин таппай кыйналышат. Өзүнө татыксызын жуутпай жүрүп, өңү өчүп кеткиче жалгыз жүрүшөт. 5. Сулуулар бар. Сулуу экенин билбейт. Өзүн баалабайт. Бааласа да, төмөнкү баа мн баалайт. Иши кылса деген бир эркекти жандап алып, арманда өтөт. Сулуулугун өчүргүч мн өчүргөндөй баркына жетпеген неме өчүрөт. Өңүнөн аздырат. 6. Дагы сулуулар бар. Мөлтүрөгөн сулуулугуна тайкы акылы чак келбей калган. Дөөпөрөстүгү келбетин улам - улам жууп турат. 7. Акылы да, келбети да төп келгени бар. Аны башка аялдар эркектерге жеткирбей эле жайлап коет, же эркектерге салып берип атып жайлайт. Кыскасы, кызганыч роль ойноп, тагдырына балта чабат. 8. Баары төп келген аял да бар. Сулуулугу, акылына бактысы кошо төп келип, багы ачылганы да бар. Бирок, пайызы аз. 9. Сулуу, амалдуу дагы. Сулуу экенин билет анан аны аябай колдонот. Кандай акчалуу "байке " көрсө, чөнтөгүнө төшөгү аркылуу кирет. Жийиркенбейт. Намыс, уятты кончуна ороп тыгып койгон. #жөнэлеойлор ________________________________________________ Мультфильмде каарман болсом, ушундай каарман болмокмун. @turdaliev_tynchtyk колуңа береке! Аябай жакты сулуу сүрөтүм!♥
5765   260
17.05.2020
Бир адамды караганда энергиясынан эле кандай адам экенин байкоого мүмкүн. Энергиялык жактан эки адам төп келүүсү абдан маанилүү экен. Эркектин энергиясы чоң бирок аялдыкы кичинекей болуп калса, эркек кадимкидей жүдөө тартып баштайт жана өзүнүн энергиясына жакын аялдарды издейт. Аялдын энергиясы күчтүү болуп, эркектики алсыз болсо, кадимкидей эркек чүнчүйт . Бийлик дароо аялга өтөт. Бирок ошол эле чүнчүгөн эркек өзүнүн энергиясына жакын , өзүнөн алсызыраак аял алса, ал кадимкидей эркектигин көргөзүп, үнү өктөм чыгып, бийликти колго алат. Эркек катары ачылат. Энергиясы күчтүү аял андан дагы күчтүү эркекке жолуга турган болсо, мурункудай айбатын көргөзгөн жолборс болбойт. Мыйоолоп астейдил басып, мышык түгүл мыйга айланып, аял катары ажары ачыла түшөт. Ошон үчүн карама каршы жыныстагы адам мн турганда кадимкидей аны изилдөө инстинкти иштей баштайт. Башка аялдарды билбейм, бирок менин учурумда ошондой. Күчтүү энергия сезсем, кылыктанып, ичиңдеги кыз ойгонуп, кыр көргөзө баштайт экенмин. Алсыз бирөө турганын байкасам, "үхүхү " эмес "ахаха" деп чыгып күлкүлөр, күрөшүп ойноп, өзүмдүн эркек тарабым чыгып, аны дос кыла баштайм. Жайыма койсо, кыздарга деле чогуу барчудаймын. Муну илим жактан тастыктай элекмин бирок баамым ушундай болду. #жөнэлеойлор