6845 174
29.02.2020
Адамга урулган терс энергияны жүрөк казанына салып мээрим кошуп аралаштырып, жумшартып адамзаттын адамгерчилик үлгүсүндөгү бир жакшылык кылып кайра даярдап, анан аны башкаларга сунуунун өзүндө не деген бакыт болорун айтайынчы. "Жашоо- күрөш" эмес, «Жашоо- жардамдашуу» экенин акылыма салып, тагдырдагы ар бир кыймылда сыр бар экенин, ал сырга үӊүлүп жакшы жагын издесеӊ жакшы болорун, жаман жагын издесеӊ куюлуп, кулап, урап жок болорун эстейинчи. Көзүмдөгү баткак чачыраган көз айнегимди алып аарчып, дүйнөнү өзүмдүн көзүм менен кароо не керемет сезимге эгедер кыларын аӊдатканын кошумчалайынчы. Адамдын тилин эмес, акылдын, жүрөктүн тилин пайдалан деген анын соӊку кеӊешин жазайынчы. Бул эӊ оор жол. Бирок бул жолдо нечендеген жакшы адамдар бар. Жакшылар гана бул дүйнөнү талкаланып, урап, кулап, бөлүнүп, бырчаланып калуудан сакташат.
Адамдар жүрөк тилин унутушпаса экен! Адамдар акыл тилине келсе гана! Адамдар жан дүйнө тилинен ажыраганда бирин- бири түшүнбөй, түркөйлөшө баштайт окшобойбу…
Ж.Ж.