480 20
06.01.2020
2-болук.Магазинден кичинерээк оюнчукка алымсынбайм.Наташа деген озумдой эле куурчактар болоор эле,барып ошону кучактап келип калам....Эч нерсеге конбойм,керек болсо таяктаса деле,алам дедим алам....Кагылайын апам,даарысына деген акчасы жок калат... Анан чий базарга жонойбуз.Себеби,ар бир жумада камыш оруп,кургатып,10чакты чий токуп,ошол базарга эшек араба менен апам,агам менен таштап кетишет.Базаркомго откоруп коюшат,ал киши откон чийдин акчасын берет.Бул биздин уй булодо апам учун, омур бою иш арасындагы эле бир жумуш эле...Эшегибиз да эки арткынкы буттары маймак болчу,лыжадай болуп,аны аралатып туруш керек ай сайын.Кээде осуп кетет,байкуш.Суббота кундору алып бар десе,агам уялат,студент классташ кыздарым келе жатса,мен эшек араба менен....буту да маймак ..деп.Кыскасы барабыз,ал кишини атамды тааныгандай эле тааныйм.Базарда кыйкырып,баарын башкарган киши,бирок аманатка эч качан кыянаттык кылбаган калыс инсан экен,рахмаат!!!Биздин чоон уй булонун бир булагы ушул чий.Акчаны алдык,даарыкандан ото эле кооп даары алдык.Чай,туз,макарон,эт,ширенке,кыскасы чийдин пайдасы чон экен.Анан апам булочка алат эки эле даана....нан саткан дукондун жыты,кандай сонун эле э?...(уланд.бар)