11899 449
16.04.2020
"Али жаш" - аябай ишенчээксиң. "Бакта батинке өсүп атат" десе деле "Кана?" деп издеп жүргөн болосуң. Ар бир адамды өзүңдөй таза ойлойсуң. Кылган аракетинин баарын чын дилден деп билесиң. Интуицияң кыйкырып атса деле укпайсың. Акылга саласың. Акыл болсо, али чийки кез. Жакшы сөз айтып койсо эле жүзүң албырып, элеп - желеп болуп, толкунданасың. Мындай учурда турмуш куруу аябай бат. "Ык - бык, сен чык! " деп коюп кура беришет. Эмоция жакшы иштейт. Сүйүп калуу өтө бат кез. Сүйбөй калуу, "Көңүлүм калып калды" деген да тез. Чечим ойлонбой чыгарылат. "Карышкыр кезиң" - бир турмушту көрүп, балдарың көк чөп болуп чыгып калган кез, же далайды тегирменден өткөрүп, даамдап көрүп, карт бөрү болуп жүргөн кез. Ар бир жылмаюунун артында эмне жатат көз караш сенден эмне каалап атат, ар бир сөздүн капталында кандай ой бар таамай окуп турасың! Көзүнүн тереңинен ал кандай адам көрөсүң. Интуиция да, акыл да жетилген кез. Логика өзгөчө укмуш болот. Оңой мн жемиңди жедирбей каласың. Бул учурда турмуш куруу (эгер ажырашкан же кура элек болсо) оңой эмес. Жытын жыттап, даамын даамдап, чак келеби, келбейби, сүйлөгөнү ордундабы, жокпу, эмнени каалап атат окулуп турат. Жети өлчөп бир кесесиң. Эмоция отурукташкан. Далактабай каласың. Сүйүү оңой мн келбейт. #жөнэлеойлор
Сиз кайсы мезгилиңиздесиз?