1071 17
23.03.2020
ЖАКШЫ... Жакшы адам жер эсебинен, жаман адам эл эсебинен жансактайт... Жакшы-арына кул, жаман-малына кул... Жакшы болсо катының келип турат жакының... Жакшы болсо катының - табыла берет акылың, кууса да кетпейт жакының... Жакшы зайып таранчыны таеке, бөдөнөнү бөлө кылат... Жакшы келин - келин, жаман келин - өлүм... Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт... Жакшыны уккуң келсе, жаманды айтпа... Жакшы чыкса келиниң - уулкңду кайра төрөйсүң, жаман чыкса келиниң - өз уулуңа өгөйсүң... ____________________________________________
Жакшы көрөт деп бара бербе, берет деп ала бербе... Апасы коңшунун үйүнөн чуркап келген беш жашар уулун бооруна катып: "уулум, коңшунун үйүнө кире бербе. Алардын да балдары көп, өздөрүнүн ызы-чуусу өздөрүнө жетет. Сен кирсең апасы жаман көрөт, кире бербе" - десе, баласы апасына карап: -жоок апа , андай эмес . мен кирсем апасы дайым мага карап " КЕЛ-КЕЛ ТӨРГӨ ӨТ, ӨЗҮ СЕН ЭЛЕ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ ЭЛЕҢ" - дейт имиш 😊🤣😊🤣😎😎 23.03.20 Идрис акын