786 15
13.03.2020
ҮМҮТ... Кече бир жерде семинар бердим. Жаштардын берген суроолорунун көбү өлүм тууралуу болуп калыптыр. Ата-энелердин балдарынан алыс жүргөндүгү, тарбия менен машыкпай бардыгын материалдык кызыкчылык менен чечүүгө аракет кылгандыгы кайсы бир деңгээлде ушунун баарына себеп болууда...
Бала кезимде бир баланын асынып өлгөнүн угуп апама айтсам, апам өтө катуу ыйлап, өз баласы өлгөндөй кайгырып кирди. Эмнеге ыйлап жатасыз десем... Ошончо жыл жебей жедирип, ичпей ичирген апасын ойлобойбу. Бир өлүмдөн калып төрөсө, бир болбогон нерсенин айынан өзүнө зыян кылса туурабы анан. Ар бир абалыңда ата-эненин канчалык кыйынчылык менен чонойткону эсиңден чыкпасын деп бакырып салды. Аябай таасирлендим.
Бүт нерседен үмүтүн үзүп жипке асынган адамдын да акыркы үмүтү: "УШУЛ ЖИП ҮЗҮЛҮП КЕТСЕ ЭКЕН, ЭКИНЧИ МЫНДАЙ КЫЛБАЙТ ЭЛЕМ" - деген үмүт болот. Демек үмүт эч качан үзүлбөйт.
Ошол кезден бери кыйналганымда апамдын ошондогу ыйлап айткан сөзүн эстей берем. Балдарга апалардын жана аталардын мээримин сездирген семинарларды, жолугушууларды уюштуруп туруу керек.
Мектепте мени "агай сизди" АТА" десем болобу" - деп кучактап ыйлаган окуучуларым болгон... 13.03.20 Идрис акын