сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
213   14
05.06.2020
Бу жалганда өлбөгөн барбы?! Адам баласы оо дүйнө кеткендерди эскерип, ыйлап-сыктап, артынан туяк калганына каниет кылып эле калат тура. .. Мындан 6 жыл мурун апам (таенем) көз жумган. Өзү айткандай, атам жетим калды. Анысын билгизбей 3 жыл бою Ишенаалы Арабаев атындагы жогорку окуу жайында студент болду. Студент десем таң калат чыгарсыздар. Бир жагынан, кемпиринин көзү өткөн соң эрмек кылса, бир жагынан, убагында жетпеген арзуусун аткарды десем болот. Өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, 11 баласын тарбиялап, илимпоз болууга чолосу деле тийбесе керек...Анүстүнө, айылда жашаса.... Атам-Бейшеев Төлөгөн, 83 жашында педагогика илимдеринин кандидаты болду!!! Бул- сүйүнүчтүү кабар! Бирок, сырдашып деле сүйлөшпөгөнсоң, ичинде кандай күйүтү бар экенин деле билбейсиң да. Кээде окуусуна алып барып, алып келип калып, кээде ооруканада жатканда барып сүйлөшүп отуруп калып жүрдүм. Бир күнү толтура кагаздарынын ичинен колго, числолору менен кошо жазылган 200 гө жакын куплеттен турган ыр берди. Үйүңө барып окурсуң деп койду. Көрсө, байкуш атам апам көзү өткөндөн тарта ушул убакытка чейин ичиндеги бугун, кайгысын, күйүтүн жаза бериптир. Көпкө ойлонуп жүрүп өзүнүн да көзү өтө элегинде обонго салып угузайын дедим. Кыскартып, терип чакан кылганга аракет кылдык. Өтө кыскартканда минтип 20 мүнөт болду. 4 мүнөткө созулуп кеткен ыр-клиптерди радио-телевидение араң алат, 20 мүнөттүк чыгарманы албайт ко деп өзүмөн-өзүм чечим чыгарып, жеке ютуб каналыма жүктөдүм. Калың элге жетсе негизи жакшы эле болмок!!! Урматтуу угармандар, угуп-көрүп, бааңыздарды бериңиздер! Аягына чейин угасыздар деп ишенем! Поделиться кылып, каналга катталууну унутпаңыз!!! Ыр кандай ырдалса, ошондой жазылды!!! "Абышканын арманы" Сөзү: Бейшеев Төлөгөн Обону: Аман Айылчиев Аткаруучу: Умутай Абдышова Видеоредактор: @kubanychbekovkochor Профилдеги ютуб каналдын ссылкасы аркылуу кирип, дастанды угуңуз! Ссылкасын сториске да калтырып коём! Уккан соң, пикир калтырыңыз! https://youtu.be/zKkA9kUJXLc
1578   14
21.03.2020
Ассалоому алейкум достор! Бүгүнкү Мираж түнүңүздөр куттуу болсун! Аллаахым кылган дубааларыңыздарды кабыл кылсын! Бүгүнкү түн үммөт үчүн берилген чоң бир шанс. Элибиз, жерибиз, бүтүн аалам дүрбөлөңгө түшүп эмне кылаарын билбей айла издеп жаткан учуру. Пайгамбарыбыз "Момундун куралы дуба"- деп бекеринен айткан эмес....мына бүгүн Аллаахымдын ырайымы жаай турган, дубаалар кабыл кылына турган түн алдыбызда турат.... иншаллах бүтүн адамзат үчүн дубаа кылаалы... Мираж түнү бул Аллахтын пайгамбарыбызга берген чоң белеги....пайгамбарыбыз жети кабат асманга чыгып Алла Таала менен көрүшүп бир канча белектерди алып келген түн.... анткени ошол жылы пайгамбарыбыз үчүн кайгы жылы башкача айтканда пайгамбарыбызды сыртта колдогон Абу Талиб абасы ичтен колдогон жубайы Хадижа энебиз көз жумган эле.... Алла таалам өзүнүн сүйүктүү кулун кубантуу үчүн миражка чыгарган... Мираж түнү берилген сүйүнчүлөр: 1-беш убакыт намаз 2- ширк кошпогондор тозокто түбөлүк калбастыгы сүйүнчүлөнгөн 3-Бакара сүрөөсүнүн акыркы 2 аяты б.а Амана Расулу 4- Исра сүрөөсүнүн 22-аяттан 39 аятка чейин Исламдын 12 принциби 5- жакшы ишке ниет кылып аны аткарбаса да бир сооп, аткарса он сооп жазылаары, жаман ишке ниет кылып бирок аткарбаса күнөө жок, аткарса бир эле күнөө жазылаары сүйүнчүлөнгөн. 6- Аттахият Мираж түнүндө кандай ибадат кылынат? 1-12 рекет намаз кылынат. Ар эки рекетте салам берилет. 2-намаздан кийин: " Субхааналлахи валхамдулиллаахи валаа илааха иллаллооху валооху акбар"- деп 100 жолу айтуу 3- 100 жолу "Астагфируллохул азиим"- деп айтуу 4- 100 жолу салават 5- күндүзү орозо тутса болот 6- куран окуу 7- каза намаз окуу ж.б.. Тапшырма: Исра сүрөөсү 22- аяттан 39- аятка чейинки Ислам принцибин окуп чыгасыздар..... сабакта сурайм😊