сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
464   14
24.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Ак чачтуу кээде атадан корком Озум да шондой боломун аай деп. Баарын да койуп озумдон корком. Омурум бекер отосун аай деп... Бир гана жолу берилген кыска омурду жакшылыка арнайлы...Эч кимдин конулун оорутпаныздар...озгочо элдин эртенкиси жаштарыбызга доомат наалаттарды агыза берип чарчабаган ызы чуу жараткандарга кудайым баш берсе де акылдан ашырып же кемитпесин...жаш жигердуу балдарыбызды мертинитип сындырбасын жараткан... Омурдо адамды жолдон чыгараар,акылдан азгырган коп эле жагдайлар болот,ошентсе да элдигибиздин тупку купуясындагы улуулугу,жыгылганды тургузаар,ыйлаганды соороткон эмеспи! Кайгы ойлогон жигитин кен дуйносу тарга тен «-деп бекер айтылбаса керек.Куну туну жогору карап улуган жаншап жамандыкты суйлоп акылман болгон кишиден жакшылык келээри кумон...Элибизге жерибизге,Ала-Тоонун абасы молтуроп аккан сууларына тобоо шугур дейли 🙏☀️
Загрузка...
150   14
13.02.2020
Урматтуу Россия жана Казакстанда иштеп жүргөн мекендештер! Биздин суранычыбыз менен Садыр Жапаровдун жубайы Гулнура Асанбаева эжекебизге Россиянын Сбербанкынан карточка ачтырдык. Карта номери: 4276 4000 9155 9303 Тел. номери: +7 (968) 493-42-40 Себеби, Кыргызстандагы «ЭЛДИК ФОНД» эсебине которуш биз үчүн татаалыраак экен. Урматтуу жердештер! Кыргызстанда да «ЭЛДИК ФОНД» ачылып, жардамдар берилүүдө. Бул жардамдар Садыр Жапаровдун жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылы үчүн уюштурулуп жатат. Себеби, 30 жылдан бери бийлик башына келген чоӊдорубуз олигархтардын же чет өлкөлүктөрдүн акчасын алып, шайланып алышып, мамлекетибиздин баардык ресурстарын ошолордун гана кызыкчылыгына иштетип атышып, бүгүн Кыргызстаныбыз жок болуп кетүү коркунучуна келип такалды. Ошол үчүн, эл чечим кылып, «ЭЛДИК ФОНД» түздүк. Алдыда келе жаткан саясий иштерде Садыр Жапаровду колдоп, олигархтарга же чет өлкөлүк шылуундарга көз карандысыз кылуу максатында уюштурулуп жаткан иш. 30 жылдан бери биз да шайлоолордо миӊ сомго сатылып келдик. Ошол себептен ушул ахывалга келип олтурабыз. Бул ачуу чындык. Келгиле эми биз сатып алалы. Бизге көз каранды болсун. Баарыбыз колдоп турсак акыры чыгат, эл үчүн иштеп берет. Бул биздин акыркы үмүтүбүз. Ошол үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз. Ошондуктан, ар бирибиз өз каалоолорубуз менен 100 рубльдан жогору салсак (мүмкүнчүлүгү барларга чек жок) өлкөбүз үчүн, балдарыбыздын келечеги үчүн чоӊ жардам берген болобуз. «Көп түкүрсө көл болот»-дейт. Мамлекетибизди өзүбүз сактап калбасак, башка бироөө сактап калбайт. Тескерисинче көз каранды кылып, жерлерибизди алып, туш-туштан кысып келе жатышат. Айтып олтурсак көп сөз болот. Кыскасы түшүнүктүү болду го деп ойлойбуз. Кайдыгер карабайлы туугандар. «ЭЛДИК ФОНД» демилгечи тобу Москва шаары