сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4630   383
11.05.2020
Достор, Менде сиздер менен маслеттеше турган жагдай болуп турат. Озумо тиешелуу коп нерсеге акыл калчап, туура чечим кабыл алганга аракет кылып келем негизи. Бирок, бул жолу бул жаатта тажрыйбам жок болгондуктанбы бир кыйла ойго салды го мени бул жагдай😊 Суроо: Жашоонуздарда Куйоосу жок айымды, же аялы жок мырзаны Окул ата же окул ата койгон учурлар кездешти беле? Негизи боло береби ошондой? Окул ата, окул апа деген ким озу? 3 ай болуп калды окшойт бул сунушту укканыма. Башында тамаша ирээтинде кабыл алып койдум эле. Анан бара-бара чын дилден менин Окул апа болушумду ниет кылып жаткандарын билип ынгайсызданып калдым. Озум уй-булом(куйоом) жок болсо , кантип жаш уй-булого улгу боло алам деп ойлонуп кыжаалатмын🤔🤔🤔 Жаштар ата-энелерине да кабарлашыптыр. Алар да сизди сыйлашат, кубанышты дейт🙊 Окул ата, апа деген ото чон жоопкерчиликти талап кылган милдет деп ойлойт элем. Ошого оюм санга болунуп , бир чечимге келе албай жатам. Кудай буюрса, 15-май эки жаштын баш кошуу куну белгилениптир... Сиздердин оюнуздар кандай? Ушул жаатта кенешиниздерге муктаж болуп турган учурум🤔 Пикир болушуп кетиниздерчи 📜
Загрузка...
13725   382
27.06.2020 Живи. Люби. Твори
"Кырсык каш кабактын ортосунда" дейт экен, тилекке каршы. Жагымсыз кабарды угуп алып, эмне дээримди билбей турам...🤦‍♀️ Асель, Аллахым сага, болгон мээримин төгүп, шыпаасын берсин.🤲 Тез сакайып, алтындай болгон үй-бүлөңө кайт. Кичинекей ханышаңды кучагыңа ал. Жолдошуңду өз мээримиңе бөлө. Жакындарың, туугандарың, дос-чараларың жана калың элиң сени күтөт. Үй-бүлөбүз менен аябай кабатырлануудабыз. Жакшы жаңылыктарды күтөбүз! Сен жашашың керек! Акыркы күндөрү жол кырсыктары көп катталчу болду. Урматтуу, айдоочулар жол эрежесин сактаңыздар, сиздерден сураныч! Ортодо бөөдө эле адамдар жабыркап жатышат. Эстен чыгарбасаңыздар🙏🏼 Ар бириңиздерди үйүңүздөрдө биздей болгон эже-карындаш, апаларыңыздар күтөт. Жаратканым жол кырсыгынан жабыркагандардын ар бирине ден соолук жана сабыр берсин🙏🏼 @aselkadyrbekova @nurlannasip_kg