365 8
17.04.2020
Бир жолу жол чырагы жок чон жолдон отуп бара жатсам алдыман бойтондогон кичинекей бобок чуркап чыкты. Журогум шуу деп, алдынан тосойун десем артка качты эле машине сузуп кетейин деп аран токтоп калды. Артынан бир топ машинелер топтоло тушту. Кээ бир айдоочулар унаасынан тушуп баланы кармашты. Кичинекей да кадимкидей эле качат. «Сиздин баланызбы?» деп мени жек коро карашты. Мен апасын таппай кайсаландайм. Корсо апасы жолдун боюндагы дуконго кирип кетип баласын унутуп калганбы айтор бейкапар журуптур. Биз ызы-чуу болгуча ал келди да баягы баланы опкодон ары бир урду. «Жолдо эмне кылып журосун!» деп кыйкырып эле тим болбостон ургулап да жатат. Бала байкуш эмне кылсын... ыйлады... Баланы куноолоштон мурун апа катары баласын байкап турбай жол бойлотуп жибергенин, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам аз жерден чон кырсыктан аман калганын, куноо озундо экенини сезгиси да келген жок. Эмне жакшы, эмне жаман, кайсы кооптуу же пайдалуу бул тууралуу ата-эне уйротпонондо кенедей бала кайдан билсин🤷♀️
Ата-энелер балага акыл уйротуп жатканда алардын денгээлинде суйлошолучу! Талап кылганда алына, жондомуно жараша жыйынтык чыгаралычы! Жинибизди баладан эмес талаадан чыгаралычы! Эмоцияны козомолдогонго аракет кылалычы! Жок дегенде козубузду жумуп, ичибизден 10го чейин санайлычы🙏 Бала ургандан пайда жок,зыянынан башка😔