сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
833   8   7034
02.04.2020
Интернетте ырчылар кутурдуңар дегендерге жооп: Мен жөн эле койоюн дедим эле бирок! айтууга туура келди.Ушундай кыйын күндөрдө баарыбыз биримдикте болуп, бири бирибизди жемелебей турсак, сен кайрымдуулук кылган жоксуң мен кылдым дегендер көбөйүп кетти, ырчылар жыргап атышат бергиле акчаңарды , силер көптүңөр деп сербеңдешет! Бирок бир суроо : Өзүң эмне кылдың эл үчүн? Кыргыз эли байыртадан ырчы, чоорчу маданият өкүлдөрүн барктап келишкен. Билинбегени менен ошол эле ырчылар жылына миң деген өмүрлөрдү сактап калууга салым кошушат! Кайрымдуулук концерттер күн сайын өтөт, Өзүнүн чөнтөгүнөн ыр жаздырып,бойонуп таранып алып барып соопчулук болсун деп бекер эле ырдап кетишет! ал айтылбай эле келген буга чейин. Ар бир адамдын өзүнүн кесиби,жумушу болот ошол сыяктуу эле ырчылардын дагы жумушу бул, Тойлордон канча акча алса ыр жаздырып элге атын чыгарыш үчүн андан көп акча жумшашкан, Силер эмне 5 минута ырдап коюп оңой эле толтура акча алып кетесиңер дегендер да көп. Бирок туугандар медальдын эки бети болот! Бир чыгарманы жаздырып,клип тарттырып эл алдына алып чыгуу үчүн 70.80 миң сомдон жогору коротулат бери жагы эле! Ырчылар оңой эле жыргабайт! Ысык суугу аябай көп. Колуңдан келсе сен да иште, диванга отуруп алып эй ырчы келе акчаңды дебей! күндө ар кандай видео чыгып атат ырчыларга асылган, Негативди токтотуп пейилди кенен коюп, кудайга шүгүр кылып жашайлы, ошондо баары жакшы болот, ар бир адамдын өз ырыскысы бар. (БУЛ СӨЗДӨР ЫРЧЫЛАРГА АСЫЛГАН ХЕЙТЕРЛЕРГЕ ЖАЗЫЛДЫ!) #timamukashev😎™️
Загрузка...
163   8
25.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Адамзатты элендеткен,ой санаанын тупкурундо кадимкидей келер кундун тусу,уну кандай болот дегизген жер бетиндеги тазаруга,табийгаты корком сулуулуктан буткон тируулуктун кадырын билгизип,кашыбыздагыны кастарлоого мумкундук жиберген улуу кудуретке чексиз шугур! Буйруса уурулуктан кордуктан,эстууну ээрчибей эси кеткенди эрчиген эсиргендерден айланабыз тазаргандыр ,эрчибейт неге баатырын элдиги кайда бул элдин дегизбей,улуу элдин урпактарына ыйман берсин,акыл парасат пайым берсин жараткан эгем! Таажысын кийген тажаалдын да кетерине аз калды,артына кайрылбасын,келген жагынан адашпай,эсен аман жетип алсын! Ракмат сага Таажыгул алааматтын катмарын,алапаттын астарын корсотуп кутурган тойгон кудайдын кулдарына коздорун ачканына! Акылмандар айтат экен тунгуюктан чыгар жолдун бир тууганы бийиктикте «-деп демек муздар ээрип,чымда жибип,бейиштин жыпарын чачкан жаздын кучагында жер эне берекесин ыроолосун,бешиктеги балдарыбыз эне сутунон эркелеп там тун бассын,ата салтын бузалбайбыз,буйруса курулдогон кузундо биз энелер дасторкон жайып,сары май оозантып жентек тойго жетелик 🤲🤲🤲☀️Чон сыноодон чогуулап жениш менен чыгалык! Жакшылыктын нышанасы болдун таажыкан тумчуккан рухту ойготтун деп жакшыга жооруп узаталы 🤝#коронавирус2020 #goodbeycorona #келжакшылыкэлиме #вселеннаяслышит #вселенная #ааламда_амандык @salamat_sadykova_1