сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
803   8
30.09.2019
Балдар биздин бактыбыз... Эрте менен кызымды жетелеп, жалпы классына сабак башталганга чейин жомок окуп келдим. Бүгүн балдар менен АДЕП темасында маектештик. Келээркиде буюрса дагы да сонун жомок окуп кайтам деп убадалаштык... Жумуштан бошоп кыздарым уктаганга чейин эрте келип калсам 3 кызымдын бирден жомок китептери бар, өздөрү жаккан жомогун тандап келишет. Ошолорду образга кирип окуп берем анан укташат. Кичинекей кезинде жомоктун кайгылуу жерлерин кайгырып, актёрлук чебердик менен окусам кыздарым ыйлап угушат эле😊 Биздин үйдө апасы экөөбүз эле телефон зарылчылыктан иштетебиз, антпегенде балдарыбызга бир да телефон берилбейт. Мектептен келип бошосо да телефон берилбейт, тескерисинче кыймыл аракет менен же кайра эле китеп менен болушат. Элдин уулу Тургунбай Алдакулов устатым да унутулгус АКЫЛДУУ АБЫШКА деген жомок окуп берди. Балдардан ашып бакытка бөлөнүп жыргап угуп отурдум. Бар болуңуз агай! Урматтуу ата-энелер мектептен келип телефон менен кыймылсыз отурган балдар физиологиялык жана психологиялык жактан оорукчан болуп калат, абайлаңыздар!
Загрузка...