сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
12890   369
14.05.2020
#Repost @syimykbeyshekeev with @make_repost ・・・ Урматтуу мусулмандар ! Сиздерди Рамазан майрамыныздар менен куттуктайм. Сиздерге Ден соолук, узун омур ошондой эле бакубат жашоо каалайм. Сиздерден суранаарым ушул аллахтын улуу Рамазан айында соопчулук кылып менин даары дармегиме жана операцияма жардам бериниздер .Коп тукурсо кол болот демекчи кичинеден болсо да кол кабыш кылып менин эсеп счетума акчалай салып сообума калыныздар. Менин аты жонум Джунушалиев Залкар 51 жаштамын 2016 жылдан тартып эки бутумдун эттери качып соогу эле калды ал аз келгенсип колдорум ичкерип эчнерсени кармай албай баспай тошокто жатып калдым . Менин жанымда кичинекей 11 жаштагы балам куну туну карайт. Оорунун причинасы табылды, жана ал жоюлду. Дарыгерлердин айтканына караганда мен тез арада чет олконун кучтуу дарыларын (Витаминдерин) ичип озумо чара корбосом бутумдун сооктору чирип кетиши ыктымал . Урматтуу элим сиздердин жардамыныздар менен Ден соолугумду чынап алсам , буту колумдун тырышкандары кетип сары суусу токтосо анан Новосибирскийге оперицияга даярданам . Кичинеден болсода кайрымдуулук кылсанар , мен Кудай буйруса жакшы болуп бутума туруп кетем. Сиздерден суранарым улуу күндө соопчулук кылып жардам берип койсоңор 50 сом, 100 сомдон болсо дагы муктаж болуп турам, АКБ Кыргызстан лицовой счет 1030420201737607 Оңой, Умай Pay 24, куик пей, киви терминалдардан салсаңыздар болот 0509 001363 ЭлСом номерине которсоңуздар болот, баарыңыздарга Аллах ыраазы болсун, оорубаңыздар. 🤲 🙏
Загрузка...
13859   368
28.02.2020
Адамдын ички жан дүйнѳсү жараткандын бир мээрими менен толгон кезде ал деңиз ѳңдүү мелмилдей түшѳт экен. Деңиз ар дайым ички майда толкундарды жутуп, сыртынан эч нерсе болбогондой мелмилдеп турган сыяктуу сезилет мага. Жайма- жай, толкунсуз, тып- тынч этек- жеңи жайылып… Анын эң зор күчү да ушундадыр. Изденүү мага ошол деңиздин ички абалын таанытты. Мурун адамдардан качып, кайра адамдардын колтугуна жашынган болсом, азыр адамдар тургай ѳзүмдѳн качкан кезде, бир улуу күчтүн деңизине бой урам. Ошол деңиздин тереңдеген сайын, тереңдигине кѳз жетпеген чексиздигинен, узарган сайын уланып бүтпѳгѳн кенендигинен мен ѳтѳ кѳп суроого жооп алдым. Адамдардан алган жараатыма дары таптым. Анан ѳзүм да деңиз сыяктуу кеңейип, тереңдей түшкѳндѳй болдум. Бул изденүү мага олжолуу болду. Мен деңиз болууну үйрѳндүм. АКЫЛДУУ СѲЗ: Канчалык артты кѳрѳ алсаңыз, ошончолук алдыны кѳрѳ аласыз. (Мүмин Секман) Ж.Ж.