558 6
4847
01.07.2020
Салам достор! Июнь айында өткөрүлгөн “Изденем. Текшерем. Үйрөнөм” медиа кампаниясы аяктады. Бирок июль айында Таасирлинк долбоорунун алкагында “Менин жашоом – менин жоопкерчилигим” деп аталган медиа кампания башталып жатат. Бул эстафетаны досторум Гулжигит Калыков @guljigit.kalykov жана Аваз Аманбековко @avazbek_amanbekov өткөрүп бермекчимин!
Медиа кампания июль айы ичи созулат! Бул айды өзүбүздүн ар тараптуу өнүгүүбүзгө багыттайбыз. Жашообуздун ар кандай шарттарына карабастан жоопкерчиликтүү болууга үйрөнөбүз.
Медиа кампания кызыктуу промо видео, онлайн вебинар, сынактар жана интерактивдер менен коштолот. Досторуңуз, туугандарыңызды медиа кампания тууралуу маалымдаңыз жана биз менен бирге болуңуз!
@taasirlink баракчасына жазылып, жаңы маалыматты өткөрүп жибербеңиз!