сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
4782   355
22.02.2020
Мыйзамсыз аракеттердин баарын жокко чыгарабыз, кудай буюрса! Башкы прокуратура кыймылдап баштады. ‼️Башкы прокуратура маалымдайт: Ош жана Каракол шаарларында каттоо кызматынын жооптуу адамдары тиешелүү документтерсиз, ал тургай турак ээсинин макулдугусуз эле жарандарды массалык түрдө каттоого койгон. Мисалы, Ошто бир эле дарекке 700, экинчисине 1000ден ашык киши катталган. Бирок ал даректерде эч ким жашабайт. Дагы бир үйгө 900 адам катталган, ☝️бирок муну үй ээси билген да эмес, уруксат да берген эмес. Караколдо болсо 100дөн ашык адамды окуу жайдын имаратына (үй эмес) каттоого коюшкан. Ош жана Караколдогу бул фактылар боюнча прокуратура органдары "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Январь-февралда Ош шаарында дээрлик 36 миң, Караколдо 3 миңден ашык адам жаңыдан каттоого турган. https://www.prokuror.kg/news/4207-organami-prokuratury-prodolzhayutsya-proverki-po-faktam-massovoj-registratsii-grazhdan-v-predverii-vyborov-deputatov-gorodskogo-kenesha.html