9585 336
11.06.2020
Сүйүү таттуу сөздөрдөн гана куралбайт. Жылуу мамиледен кыш куюлуп, камкордук мн шыбалып, ишенимден чатыр жабылат. "Сүйөм " дешет. Өздөрүн сүйүп жарытпаган мени кантип жыргатат дейм ичимден. Жалынып, жалбарышат. Мамилеси жылытпаган соң, тил учунан чыккан сөзгө кантип жылынасың? "Жыргатам" дешет. Жыргалдын түпкүлүгүн түшүнбөгөн түбүнө кантип түшөт?
Сүйүү жүрөгүңө бүтөт алгач. Ал сүйлөтөт. Торгойдой безеленип, булбулдай буулуга ырдайсың. Анан аны далилдей турчу иштерди жасатат! Баш жоготуп, кызганып, териңди сыйрып тескери жайып атса, сүйүү эмес ал. Ал баш берет. Жыргалчылыкка бөлөйт. Туура, пайдалуу, өстүрө турчу иштерди гана жасатат. #жөнэлеойлор
______________________________________________
Көл сезонун ачык деп жарыялайм!