676 0
02.09.2020
КҮН БАШТУУ АДАМ"
Байыркы ата-бабалардын түшүнүгү боюнча бактылуу болор адамдын үйүнүн ичине түндүктөн кут куюлуп түшөт.
Байыркы арий мифи боюнча биздин атабыз "Манас да Күн кудайынын уулу". Ал Асмандан Жерге адамзат тукумун кайрадан улап жашоо үчүн түшүрүлгөн. Күн уулу болгондон кийин Асмандан Жерге ал нурга айланып түшкөнүн боолгоп билүүгө болот.
Анан дагы Кыргыз этнониминин бир мааниси - " күн адам " дегенди билдирерин окурмандардын эсине сала кетейин. Ал: "хор-гуз", "хур-гуз", "күр-гуз", ал эми перси тилинде "гурхеш " формасында айтылган. Дал ушул учур өтө чоң мааниге ээ.
Түндүктүн ортосундагы шакекке (сүрөттү караңыз) түшүрүлгөн " күн адамдын " тамга түрүндөгү же"бүркүт баштуу, барс денелүү, жылаан куйруктуу" сырттандын элеси - түндүктөн үйдүн ичине куюлуп түшүп жаткан Кутту түшүндүрөт.