сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
95   0   414
30.04.2020
Ийгилик сага Нузупбек молодец 👍💪 Салам достор! Бул күн мен үчүн жашоомдогу дагы бир абдан маанилүү күн болуп калды 🙏🏻 Кубануу менен жүрөгүмдүн музыкага толгон бир бурчун сунам. Ишенем, сизге дагы жагат деп. Баардык колдоо көрсөткөн чыгармачыл алптарга ыраазычылык билдирем. Сыйым менен Сиздин, Нүзүп! Доброго времени суток, дорогие друзья! Сегодня один из самых особенных дней в моей жизни🙏Рад представить вашему вниманию мою первую песню, куда вложил частичку себя, душу и любовь. Очень надеюсь, что песня найдет отклик в ваших сердцах. Так же благодарю каждого, кто принял участие в создании этой красивой истории любви. Прошу любить и жаловать. С добрыми пожеланиями и глубоким уважением Ваш, Нүзүп. ___ 1-май, саат 17:30 биринчи болуп @kyrgyzstan_obondoru жана #YouTube каналынан уга аласыз 🥳 ___ Созу: @akbar_kubanychbekov Обону: Азат Жумабеков Аранжировка: Мирлан Ниязов Запись/сведение: @eka_music Бэк вокал: @bek_israilove / @aiganyshabdievaofficial Гитара: @kolutii
Загрузка...
845   0
01.04.2020
💐Жүрөк туш келгенин тандабайт. Ал өзүнө тиешелүүсүн гана сезет. ⠀ 💐Атасынын өз балдарына жасаган эң чоң жакшылыгы - алардын апасын сүйүү. ⠀ 💐Сизди түбөлүк сүйүү үчүн, жашооңуздан биротоло кеткендер бар. ⠀ 💐Келечегиң жөнүндө билгиң келсе, ал бүгүнкү жасаган иштериңе байланыштуу. ⠀ 💐”Сен мага керексиң..." Бул сөз канчалаган көңүлдөргө дары. ⠀ 💐Эң оор жакырчылык-билимсиздик. ⠀ 💐 Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң калаарлык далил; алар атасына караганда энелеринен көп тарбия алышкан. ⠀ 💐 Мен аялдын эки гана түрү билем: Бири мени азапка салса, экинчиси менин азабыбымды тартат. Азабымды тартканы ал - менин энем. ⠀ 💐Ким өзүн канчалык бактысызмын десе, ал ошончолук бактысыз. ⠀ 💐Чыныгы гений жаралганын бир эле нерседен баамдасаң болот: Мээси жоктордун баары биригип, генийге каршы күрөш жүргүзө баштайт. ⠀ 💐Аялдар бизге шедеврлерди жаратууга илхам берет, бирок кайра ошол илхамдын өркүндөшүнө жолтоо болот. ⠀ 💐Чындап максатыма жетем десең, пайдасыз жүктөрдү алып сал да, алдыга кадамда. ⠀ 💐Сүйүү- футбол тобу сыяктуу. Адегенде тебесиң, анан артынан чуркайсың. ⠀ 💐Күндү алып берем деп мактанба, күйүп өлөсүң. ⠀ 💐Бир нерсени чала түшүнүп үйрөнүү - билбегендиктен да коркунучтуу. ⠀ 💐Алысты ойлонбогон адам, кайгыга жакын болот. ⠀ 💐Ар бир өрттөлгөн китеп дүйнөнү жарык кылат. ⠀ 💐Бир келесоо оюн жазса, миң келесоо коштоп турат. ⠀ 💐Уксун десең - кыйкырып айт, тыңшасын десең - шыбырап айт. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр