3272
11.01.2020
"Эки жумадан бери уйку жок. Сары санаага баттым белчемден. Тамак араң жеп жатам. Түнү бою ойлонуп чыгам, жан дүйнөм аңтарылып, ай байкуштарым ай байкуштарым деп ичимен сыздап чыгам. Эмнеге ошол жакта жашап калдыңар болду экен? Бизге эле келсеңер жыргап жашамаксыңарда ииий иииий деп эле кейим. Бизде силерди барктап, бапестеп, өлө багат элек да дейм. Нарындын ит атарлары менен бирге ойноп, Бишкектин ышынан чогуу ооз тийип, Кадырбекованын Рейнж Роверине чогуу отуруп, Анжеликанын жигити менен таанышып, илиталар менен баарлашып, соцтармактардагы ушактар менен бөлүшүп.... Эх коалалар, коалалар" - деп Австралиянын коалаларына кейиген эле адамдар Кыргызстанда кейий турган маселе калбай калгансып.