4412
25.12.2019
Түрктөрдүн "Hayırlısı" деген сөзү бар. "Туурасы, "Жакшысы", "Буюрганы" маанисинде. Кандай гана сөз айтпа жообунда ушул сөздү угасың. Кээде Жараткандын жанын койбой, сурап алабыз. Бирок сурап алганыбыз канчалык деңгээлде буюрат, жакшылыкка кызмат кылат билбейбиз. Азыр Жаратканга жалынганда "Мага туура келсе", "Меники болсо", "Буюрганы турса", "Жакшылыкка колдонула турган болсо" ж.б. деп акырыыын суранчы болдум. Дегим келгени, акактап алганың дайым эле жакшылык жетелеп келе бербейт экен. #жөнэлеойлор