1166
11.02.2020
Бүгүн баары эле уу-дуу уктуңарбы Вице-ПМ Жеңиш Разаков отставкага бериптир кокуй, өз ыктыяры менен эле кетип калыптыр арыз жазып дешип. Анан журналисттер байкуштар эптеп кара терге түшүп атып таап сурашыптыр, эмне себептен кеттиңиз дешип. Үй-бүлөгө көңүл буруш керек болуп атат, ошол себептен кеттим деп жооп бериптир. Муну укканда элестетип койдум Жеңиш байкени эртең менен ойгоно калып эле "Плиииииндики десе! Эй үй-бүлөм бар эмеспи, кой ысрочна көңүл буруш керек" деп туруп барып арыз жазып кетип калганын. Элди келесоо ойлошот. Ачык эле айтпайбы кыргыз-тажик чек ара маселесин чече албай сайфалдын баары чыкты, анан Шеп бовой калды, жаз деди, жаздым деп.