3516
17.11.2019
Жаңыдан студент болуп айылдан бардым. Группада 3-4 кыз "горалар"(шаардыктар) экен. Өздөрүнчө бир топ болуп достошуп алышты. Бир жумадан кийин мени да кошуп алышты(жакшы окугандыгым үчүн). Ошолордун бири менин жанымда отурган айым @fe_rose_18.
Ошондон бери 10 жылдан ашык убакыт өттү. Жашообуздагы өйдө-төмөн жолдордо, кубанычыбызды, кайгыбызды тең бөлүшкөн достордон болуп келатабыз. Көз эле тийбесин!
Көрсө, студент кезде чоңоюп, ак караны тааный баштаган кез болот экен. Жана жашообуздун эң кызыктуу учурларын ошондо тапкан достор менен чогуу эстешип калат экенбиз. (Окуучу кездеги достор капа болуп калбагыла, силер жөнүндө өзүнчө жазам🤗) Андыктан СТУДЕНТТЕР, учурдагы сонун кещиңердин баркына жетип, ойноп күлүп алгыла🤗
Майрамыңар куттуу болсун!!!
Ал эми бул посттун алдына студент кезде тапкан жакын досторуңуздарды белгилеп, куттуктап кетсеңиздер болот🤗