сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
2906  
23.10.2019
Мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтагыларга биздин кыргыз, расмий орус тилдер менен чектелбестен, дүйнө жүзүндөгү универсалдуу англис тилин да билүү керек деп эсептеймин. 1. Сыртка чыкканда котормочуга кетирген каражат (жол кире, жайгаштыруу) үнөмдөлмөк. 2. Барган мамлекеттерде кызмат кылган элчиребизди мамлекеттик кызматтагылар аркасынан жүдөтүп ээрчиткендикти туура көрбөймүн. Бул жолу эл аралык форумга Куала-Лумпурга чакырылып, аэропорттон мейманканага жетип, дебаттарда темаларды англис тилинде талкуулап жатканда, кошуна мамлекеттин депутаты менен сүйлөшүп калдык. Эмнеге элчилер тосуп алып, сиздин жаныңызда отурбай, жалгызсыз десе, менин муктаж эмесмин деген жообума таң калып отуруп калышты окшойт. Сиздердин элчилигиңер биздикинен саны да, бюджети менен айрымаланат, бизде чыгашаны, каражатты үнөмдөө саясат деп тамашалап койдум. Жаш депутаттардын көбү англисче билет, жалпы мамлекеттик кызматта көп тилди билгендердин саны көбөйсүн дегенге тилектешмин. #Барболгула P.S. Командировкам толугу менен чакырылган тараптын (AFPPD, APDA, Japan Government, UNFPA, IPPPF) эсебинен, мамлекеттен каржалынбайт деп эскерткен жерим.