1037
22.10.2019
Бакыт Эргешович айтыптыр кооптонуп, кийинки шайлоодо сабатсыз парламент келип калышы мүмкүн деп. Мен ошондон бери уктабай тоодо жүрөм. Мен кошулам Бакыт Эргешовичке толугу менен. Просто азыркы парламентке кээде жинденип кетем. Сабаттуулуктун, маданияттуулуктун, акылдуулуктун, иштермандыктын, профессионалдыктын деңгээлин паталокго тээп салгыла деп силерди ким айтты? Канечна эмки парламент ким келсе дагы силердин жаныңарда сабатсыз болот да! Акырыныраак иштеш керек эле, анчалык бийиктике теппей паталокту! Просто жин келип кетет да.