7870 1565
06.03.2020
Мечты сбываются
Настрена өлдү!
******
Настроение жок отурам достор эртеден бери. Кече жатаарда кашайып Майк Тайсон өзүнүн 139 кг болгон кызы Лорнаны ким алса 10 миллион $ берем деген жаңылыгын окуп калсам болобу. Анан ме сага, кетти кыргыздын кыялы жоргологон бойдон кой десе болбой. Жатам Кудай бар өзү деп коюп, карасаң өзү эле жол көрсөтүп жатканын деп. Намаз дагы окуп ийдим ыраазычылыгымды билдирип.
*****
Кыял болсо кетип баратат алыска токтобой, таңгөрүнүкү десе. Жакындарыма, балдарыма, туугандарга түшүндүрүп койдум эми жашоодо ар кандай нерсе боло берет экен туура түшүнгүлө, понять и простить кылгыла деп. Лорнаны кайненеси менен тааныштырып, Майк кайнатамды Караколго лыжага чакырып эле тим эле тээп жүрөбүз лыжа кой десе болбой элди суктантып. Маселемдин баары чечилген, карыздар жабылган, өзүм депутат, меценат, кафе, ресторан, заводдорду ачып ийдим. Силерди дагы унуткан жокмун, подписчиктерим 270-миң эмес, 100 миллион, жума сайын гив эмес, мындай эле белектер, жөн эле. Кыскасы кыял таңкы төрткө чейин токтобойт десең кудуңдатып сүйүндүрүп кишини. Кыялга батып кызыгып кетип реалдуу жашоодо дагы бир эки кат жөнөтүп ийптирмин туура түшүнгүлө деп.
******
Эртең менен ойгонуп кетип эле жаңылыктарды карасам Майк кайнатам...ой Майк Тайсон бул калп, 10 миллион $ бербейм, Лорнанын жигити бар деп айтыптыр. Ошо анан, отурам же Лорнадан жок, же депутаттан жок, завод, фабрика, кафе жыттанбанбайт, досум таңдан смстерди жазыптыр карызды качан бересиң деп, берки каттар жеткен жакын кишилерге, алар улам улам телефон чалышат, отурам телефон албайм, эмне деримди билбей...ыйолкиники десе.