сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
12566  
11.01.2020
Бул тан адаттагыдай сенин назик унунду угуу менен башталды🤗 Менчелик жон терин менен сезип тушуно албасан дагы,бул сезимдерди билишинди кааладым😊Озогун жоготуп бараткан омурумо нур болуп келген периштем,сени тапканыма кубанып турам😘 Ошол кун мендик болоорунду далилдеди😌Тилеке каршы журоктогу бакыттын кыйкырыгы тышка угулбайт экен😇 Жаман коз,суук создон сактоо учун жан дуйномдун теренине катып келдим👌 Эсиндеби эн алгачкы озгочо кундор,»Садагам» деп айткан создор,»Асылым»деп аярлап караган коздор😍Мунун баары бакыт кербенибиздин,эн барктуу башаты деп билели🙏 Сыноолордон сынбай откон махабатыбыз,жакындарыбыздын жылуу тилеги менен жылдарды карытышын чогу тилейли🙏🙌 Мен сенин туболуктуу омурлук жарын🙏😘 📸:@sariev_nurmuhammed 📽:@metraj_37 @azyk_simpson @akunovs_ 👔:@center.costumes 👗:@osmonalieva_t 🕍:@usadba.orehovo 🎙:@aziretosmonov_official 🍰:@Tort_bishkek_saltanat 🏛:@son_kol_grand 🚘:@vip_kortej_312 Тойдун коркун ачкан,мени колдогон баардык жакындарыма ыраазычылык билдиргим келет🙌☺️
Загрузка...
8437  
03.02.2020
"Иши кылып", "Боло берет" , "Жетет ошол эле" ....ж.б. "Иши кылып башы аман болсун." "Иши кылса үңкүр да болсо үйүм болсун." "Иши кылса аюудай эрим болсун." "Эптеп эле балдарымды карашса болду. " "Эптеп кыштан чыкса болду"." Эптеп туруп турсак, анан көрөбүз". "Эптеп эле"..деп атып эптеген оокатта күн көрөбүз. Эптеген аял алып, эптеген эрге тиебиз. Эптеген балдар төрөлөт. Эптеген оокатты кылабыз. Өзүбүзгө жакшыны, сонунду каалагандан ушунча коркобуз! Фобия тим эле! Ал тургай өзүңө Жараткандан сураганда да ичибиз тарып, "Ушунун баарын эмне кылмак элем, же ушуну мага бермек беле?" деген ой жатат. Кенен сурасаң, кыйналып кетесиң да. Кыялыңда бийиктикти кыялданып койсоң, башың тегеренип кетет го, чиркиндики! Мага боло берет деген ой. "Иши кылса жүрүп турган эле машина болсо болду!" А эмнеге укмушун каалагандан коркобуз! Акыркы моделдеги унааны ойлоп алсак случайно, кара тер басып, жүрөгүбүз лакылдап, мээ тегерене түшөт да ээ? "Элестет килейген үйдө жашап, Мальдив аралында жатсаң" деп көр бирөөгө. "Жок нерсени айтпачы", же "Кудайды бир карап анан кыялданбайлыбы" дейт го! Же "Ыштаныңды жыртыгын бүтөп алып бийиктикти сама" деп кыялданып аткан учкуң келип аткан канатыңды тарс эле үзө чабат. "Болсун!" "Оозуңа май" деп коюшса, кемип калчудай. Бул нерсе ушунча каныбызга терең сиңиптир андан кутулуу оңой тургудай эмес. "Мен татыктуумун! Бактылуу болууга акым бар " дегенди үйрөнүп коюш керек эле. #жөнэлеойлор