4764 214
15.06.2020
2005 - 2020 - жылдардагы эки сүрөт. 15 жылда эмне өзгөрдү?
1. Укмуштуудай тажрыйба алдым жашоодон. Түрдүү адамдар мн беттештим. Түрдүү абалдан чыктым. Ызага баттым, ыйладым, каткырдым.
2. Жумушта да тажрыйба топтотдум. 2005 - жылы эң көп тил уккан мезгил эле. Тажрыйбасыз келгем. Далай сүрдөп, жаңылгам. Он беш жыл аралыгында эң рейтингдүү берүүлөрдү адып бардым. Чет өлкөгө далай ирет фестиваль, конференция аркылуу өлкөмдүн атынан чыктым. Сонун фильмдерге тартылдым.
3. Жеке жашоомдо уулдуу болдум. Турмуш куруп, туткасын тогуз жыл кармадым.
4. Жашоого, адамдарга көз карашым өзгөрдү. Ар бир адамды кемчилиги, артыкчылыгы мн кабыл алдым. Жашоону сүйдүм. Өзүмдү сүйүүнү үйрөнүү , таануу мн алекмин.
5. Жинди улактыгым, кыраан каткырыгым калып баратат. Бул мени өкүндүрөт.
6. Досторум, айланамдагылар дайым өзгөрүп турат. Көп адам кирди жашоомо. Сабак берди. Чыкты.
Өзгөрүлбөгөнү:
1. Чач жасалгамды өзгөртүү кыйын. Ак басканы үчүн гана өңү бир аз өзгөрдү
2. Салмагым. 47 - 49 кг арасында
3. Адамдарга ишенгим келе бергени өзгөргөн жок. Көп нерсе билем. Көз жумуп ишене берем.
4. Унутчаактыгым, ак көңүлдүгүм өзгөргөн жок. Кимге, эмнеге таарынганымды унутуп калган сонун сапатым мени мн чогуу келе жатт. Ансыз эмне кылмакмын?
5. Буркан - шаркан түшүп, чагылган чартылдап, нөшөр төгүп, асан - үсөнү мн кошо чыккан күндү дагы эле сүйөм. Мүнөзүм да дале ошондой... #жөнэлеойлор