сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
861  
22.09.2019
Үйлөнөм десең ук мени! Эркектер аялдардын төрт нерсесине карап үйлөнүшөт: 1. Сулуулугуна 2. Байлыгына 3. Ата тегине 4. Ыйманына Бактылуу болууну кааласаңар 4-сүн тандагыла. Бирок бул күндө эптеп күйөөгө тийип кетүү үчүн жоолугун оронгон кыздарды, момун болуп көрүнмүш болгон топучан балдарды жоолуктуруп калдык...жоолугун салып кайын эне менен тытышып аткан келинден, сакалын коюп аялдын кадырына жетпеген эркектен эмне пайда. Ыйман - жоолук же сакал менен чегараланбайт! Жаштарга сунушум Үй-бүлөнү куруудан мурда адамдын адамгерчилигин, адеп-ахлагын, ата-энесине көрсөткөн сый-урматын карап анан үй-бүлө кургула. Жасалма койгон сакал менен жоолугуна алданып калбагыла. Кийин кеч болот! Бар жогол дейин десең балаң жетим калат, антпейин десең апаңдын көңүлүн сындырып жаткан келиндин пейили, же сакал-топу кийип намаз окумуш болгон акылы жок күйөө... Ошентип эки оттун ортосунда өмүр бою арманыңды жутуп жашайсың! Колуңда жүрүп билинбей-камчыдан артык курал жок, койнуңда жүрүп билинбейт-катындан артык тууган (кээде душман) жок. 22.09.2019 Идрис акын