367
16.09.2019
Болочок залкарлар залга чыкты
Залга десем жаңылам алга чыкты
Алды көздөй шакирттер бара берсин
Ак батаасын элимдин ала берсин... 2 жылдан бери ЗАЛКАР деп өзүмдүн жеке мектебимди ачып жаш акындарды тарбиялап жатам. Шакирттерим менен кече кайрымдуулук концерт өткөрүп, элге эстен кеткис айтыш куруп бердик. Концерттен түшкөн акча боору ооруп жаткан бир тууганыбыздын операциясына тапшырылды... Сүрөттө менин жаныман баштаганда Нурсултан, Нурайым, Адилет, Айсаба жана Ынак деген төкмө акын шакирттерим... Алдыда жер-жерлерди кыдырып элге акысыз, акындардын руханий азык тартуулаган концерт сапары бар. Дуа кылып турунуздар элдин купулуна толгон болочок залкарлар төрөлө берсин....