сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
4583  
08.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Достор, интернеттен бир маалымат окуп калдым. Туура эле окшойт деп ойлоп калдым өзүмдүн бир туугандарымын мүнөзүнө салыштырып көрүпчү😊. Анда мынтип айтышыптыр: Адамдын мүнөзү анын үй бүлөдө канчанчы төрөлүшүнө да байланыштуу калыптанат экен. Аны окумуштуулар изилдеп чыгышыптыр. ТУН бала болуп төрөлгөндөр жоопкерчиликтүү, этият, анан башкарууну жактырган адам катары мүнөздөлүшөт экен. ОРТОНЧУ балдарга болсо көп көңүл бурулбай калгандыктан, алар тынчтыкты орнотуучу ролду аткарып калышат экен. Типа психолог болупчу. КЕНЖЕ балдар болсо биринчи кезекте өзүн ойлоп, көңүл ачууну жактырган жана өзүн өтө жакшы көргөн адам болуп мүнөздөлүшөт экен. Мен үйдө ортончумун да, анан Өзүмчө эле психолог боло берем да 😁 Бир туугандарым кубанса да, капаланса да айтып калышат, Өзүмчө совет беримиш болуп калам да 😊 Сиздерде кандай? Окумуштуулар туура эле байкаштырышыптырбы? Же жөн эле коюшпаптырбы?😊☺️