сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9742     93228
06.11.2019
Ушундай интервью алган журналист болсом жарашат бекен, ыя?! 😂 Жакында, 16 ноябрда ЦУМда жаңы @texhomekg дүкөнү ачылат. Ал жерде толгон токой заманбап, "акылдуу" техника сатылат - телефондон баштап робот чаң соргучтарга чейин. Ыкчам түрдө онлайн сатып алуу үчүн kookoomall.kg сайтына кирип, kookoomall тиркемесин жүктөө менен бирге белекке 3000 сом ала аласыз. Ал эми ушул дүкөндүн ачылышынын урматына мен жапжаңы Redmi 7A телефонун ОЙНОТОМ‼️ КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ: ✅ @texhomekg жана @kookoomallkg баракчаларына жазылуу керек ✅ @texhomekg и @kookoomallkg баракчаларындагы акыркы 3 постко ЛАЙК басуу керек ✅ Эмне үчүн бул призди сиз утушуңуз керек экенин комментарий кылып жазуу керек ✅ 3 досту белгилөө керек МААНИЛҮҮ‼️ Конкурска катыша албайт:👇 ❌ Коммерциялык аккаунттар ❌ Конкурс өткөргөн аккаунттар ❌ Активдүү эмес аккаунттар ❌ Сүрөтү жок бош аккаунттар Конкурстун жүрүшүндө баракчаңар ачык болуу керек! Жеңүүчүнү 14 ноябрда түз эфирде аныктайбыз! Ийгилик❤️
Загрузка...
8942  
13.11.2019
Муздак жерге денеңдин коюлуп жатканын эстеп ичиркене түшөсүң да, жаның учуп кеткен соң, денеңдин каякка жатканынын мааниси кандай деген ойго кептелесиң? Караңгылык коркутат. Өлүм - белгисиздик. Коркунуч ошол белгисиздикке бара жатканы үчүн чыгат эмеспи. Өлүмдү таткан соң, караңгылыктан кантип коркосуң дейм. Өлгөн соң адамдын кадырынын артканын көр! Тирүүсүндө эмнеге байкабадык дейбиз? Ар бир өнөрүн, талантын, мыкты сапатын айтып, боорубузду тырмап ыйлайбыз. Тирүүсүндө алар эмнеге көзгө урунбай, анчалык барктуу боло албады экен? Баарыбыздын көзүбүз көнүп, бири бирибизге көңүлүбүз тоюп калган үчүн болсо керек ээ? Башка жайга кеткенде келбээрин билип, сагынып, анан санай баштайбыз сапатын. Көндүм адат адамды жаманга көндүрүп, жакшыны көргөзбөй, алыс алып жүрүп отурат экен. Көндүм адат... Дене денеге көнгөндө кумар таркап, эрди - катын бири бирине бир тууган бп, элеп - желеп сезимдер кайым боло баштайт. Көңүл көңүлгө көнгөндө , толкундоо, апкаруу жоголуп, жакшысы катылып, жаманы чыгат. Анткени адам жарнамадай жакшы бойдон жүрө албайт. Эртели - кеч андан тажап, чыныгы жүзүбүз менен тааныштыра баштайбыз. Анан кайсы убакта мынчалык өзгөрдү деп айран таң калып, чалкабыздан кетебиз. Бул жашоого көнүп алып, жашоонун деле баркын качырдык. Өлүмгө аз калдың дегенде гана анын даамы чыгып, тамшанабыз. Балким билермандар бекеринен, - Ар бир күндү акыркы күндөй жаша! - дебеген чыгар? Өлүм, өмүрдүн кыскалыгы мээде турганда гана көксөп көрүнгөндү самабай, көмүркөбүздөн көр оокатка шыкалбай, көөдөндү көңүл кубантаарлык иш мн гана толтурууга ашыгат белек? Ким билсин? Өлүм, улуксуң сен! Сен бар үчүн өмүрдүн өңү чыгат! #жөнэлеойлор