1812
23.12.2019
"Эх ушу гүл, сүрөттөн көрө бир Aygen пакет эле болгондо! Тетиги көк оролгон белекте тыйын бар болду бекен" - деп ойлонуп жаткандай болуп калыптыр.
******
Кыргыздын белектеринин көбү жөн эле ысырапчылык. Өмүрү искусствонун "У"-сун түшүнбөгөн адамга сүрөт берип коёбуз, эптеп белек алып барды кылып. Же дүкөндө арзандатылып сатылып жаткан калдыктардан ит, мышык, бака, ат берип коёбуз. Ага дагы тим эле легенда ойлоп таба коёбуз жакшылыкка, акчага, бейпил жашоого деген сыяктуу. Кийилбеген кытай көйнөк, чапан, жоолук, калпактарды айтпай эле коёюн, же жатат кийилбей, же белек болуп тегеренип жүрөт кыргыздар арасында.
*****
Жада калса белекти дагы жөн бербейбиз кыргыздар.