сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2411     22520
10.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Эзелтен "бата-сөздүн атасы" деп бекеринен айтылган эмес. Ар кандай чоң, кичи маанилүү иш бата менен башталып, бата менен аяктаган. Бата күч да, дем да, кубат, кудурет да, ишеним, эрк да, баары. Баткен облусунун, Кадамжай районуна караштуу, Абдыкадыр Орозбеков айылынан 86-жаштагы Саттарова Айымпаша апабыз кечээ Тамашоу оюнунан кийин келип, батасын берди. Абдан ыраазымын. Апабызга чын ден-соолук каалайм. Жүзгө чыгыңыз. Улуулардын батасын алуу, мен үчүн өтө маанилүү, кымбат. Батанын да батасы, бул-Элдин батасы. Элдин батасын алган азамат Ата-Энеден артылып барып Эл Уулуна айланган жан. "Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас" деген макалдын, не, "Ата-Эненин эле уулу болбой, Элдин уулу бол" деген алкыштын да мааниси ушул. Ал эми Ак Батанын тилеги бу: Бир үйдүн баласы болбо, Миң үйдүн санаасы бол. Бир элдин Атасы болбо, Миң элдин Даанасы бол. Жашасын Ата-Апалар! Жаратканыма шүгүр! Альхамдулиллах! 🙏
2018     31719
20.09.2019
Тажикстан тарап баштаган курулуш иштеринин баарын бузуп жатышат, муну ошол жерде жүргөн Чек ара кызматынын жетекчилиги менен азыр сүйлөшкөнүмдө да тастыктады. Кечээ жабык жыйында Эл өкүлдөрү тарабынан өкмөткө көп милдеттер жүктөлдү. Кошуналардан эмес, өзүбүздөн да көз каранды болгон бир топ маселелер бар. Мен чек аралаш Максат айылында мамлекет куруп берген үйлөргө көчүп барган жарандар үйгө документ алыш үчүн тиешелүү кызматтарга алар 35 миң сом төлөш керек экен, үйдүн документи толук бүткөнчө 50 миң сомдой сарпталаарын айттым. Чек аралаш айылдагы тургундарда мындай акча кайдан? Өкмөт башчы муну тез арада чеээрин айтты, көзөмөлгө алып, артынан түшүп бүтүрөбүз буюрса. Эгерде чек аралаш айылдарда калкты кармайбыз десек, бюрократиялык мындай көрүнүштөрдү дароо жокко чыгарып, инфратүзүмдөн акчаны аябашыбыз керек. Аксайдагы жол куруу, ирригация ж/б үчүн өкмөттөн былтыр 200 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн, муну жылдап көбөйтүш керек. Чек ара маселеси качан ызы-чуу чыкканда эмес, туруктуу көңүл бурууну талап кылат. (Видеодо тажик тарап курулушун бузуп жатканы)
Загрузка...