2173
24030
14.11.2019
Өзгөчө элбиз, өзгөчө!
****
Бизде албетте кыргыз жөн эле, кечке жуук, достор менен барып чер жазып эч качан ырдабайт. Андай просто болушу мүмкүн эмес.
*****
Ырчы эмес жөн эле кыргыз минтип караокеге барып ырдап койсоң өлдүң дей бер. Анда эле сен же массың, арака тоюп алгансың, албетте КТРКнын акчасын баарын уурдап алгансың, аэропортту жеп түгөткөнсүң, Максим Курманбекович Лондондон, Курманбек Салиевич Минскден акча которуп турат, көпкөнсүң, жыргал эле сеники, өлдү дегенде эле, сапсем болбой калганда эле сен КТРКдан жумуштан кеткенден кийин стресс болуп ырдап жатасың, анан сен ырдабаганда ким ырдамак эле, туурабы?
*****
Ырчы эмес кыргыз качан ырдаш керек? Туптуура! Кыңкылдап тоолетте, ваннада, тойдон кийин тоюп алып же ылжырап, же көчүгү түшкүчө өкүрүп в зависимости от кондиции ырдаса анда нормально, анда болот.
*****
Ой өзгөчө элбизда, өзгөчө!