524 139
07.01.2020
9'-болук.Менин кийимдерим запасы менен.Эми азыр педагог катары карасам,ата-эне коп урушкан уй булонун балдары,онунон эле билинет.Фобия,стресс,депрессия..Анан ошонун айынан жабык,корккондо заарасын кармай албай чыгып кеткени ошондон....😔 3-кл.болуп калганымда,олум жонундо тушунуп калдым.Апам ооруйт,кээде кан кусат...😥.Жанында мен жатам.Тан атканча отуруп чыккан кундору болду.
-'-'Ушул учоо кичине чоноюп алса экен,э кудай мени алып кетпе?Буларым эмне болот? ????Бул соз кулакка,макал,лакаптай жатка билем... Колума бир муздак суубу,темирби тийсе эле,ичим ооруп жатып калчумун.Муздак,ичиме зырр деп эле жетет.Ичим ар дайым танылуу болоор эле...Мени бир эле ой жейт ,"кокус апам ооруп,.....",биз кантебиз?????😥.Арыктын боюна барып,олтуруп алып ыйлай берем....козум шишип,жымшыйып калам.
‐Эмне болду сага? Дилбар эжем,тез тез кабар алат апамдан.Кирлерди,нанды жаап кайра,чуркаган боюнча уйуно кетет.
‐Ичим ооруп жатат дейм.Алар менин ичиме,мыкка сайылган куйруктан кесип келип,шыбап жатып калышат.(ичим оорубай эле,апамды аяп,ойлоп,жоготуп аламбы деген балалык сезимим...)😔. Ошентип,жыл отту.4-кл.Куршабда музыкалык мектеп ачылып,апам Данакан эжем экоо алып барышты.Ритмди текшерди,эс тутумум текшерди,оттум.Асан агай:
‐Кызынар таланттуу экен.Айына 5сом толойсуздор.Аккардеон алып бергиле,тез аранын ичинде деди.Апам башын ийкеп койду.Кайсыл жерде бар экенин да айтты.Магазинге кирдик,ичи бир керемет жыт.Жаны эмеректердин жыты,аккардеон жака оттук,менин козум топтой чоноюп кетти....😀.
--Канча ?апам сурады.
-150сом.Апам кармалап корду,мен секирип суйунуп жатам.Аккардеондун жыгачынын,лактын аралаш жыты,балалык журогумду оодарып салды....😀.
‐Жур кеттик,апам колумдан алды да,акча жок азыр менде.Бир айда 15сом тамекиге чыгат,каягына жеткирем деди???😔😥Уйго кеттик жоо,апамдын терен ушкуругунон башка,таштарга тийген эле бутубуздун уну.....😔